Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Отчеттук кайра шайлоо конференциясы

2023-жылдын 27-апрелинде Аксы районундагы №34 Н.Мешков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебиндеги кесиптик бирлик комитетинин  отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү.   

Конференцияга Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Аксы райондук комитетинин төрагасы С.Камчыбеков жана башкалар катышышты.

Конферецияда кесиптик бирлик комитетинин төрайымы С.Стамкулова 2018-2022-жылдар аралыгында аткарылган иштер тууралуу кеңири маалымат берди.

Талкууга катышкан кесиптик бирлик мүчөлөрү комитеттин аткарган иштерин алгылыктуу экенин баалашып, отчеттук мезгилдеги ишмерүүлүгүн канааттандыраарлык деп табышты.

Конференциянын алкагында кесиптик бирлик комитетинин борбордук комитетинин төрагасы жана мүчөлөрү шайланды.

Кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн ачык добушу менен Аксы районундагы № 34 Н.Мешков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебиндеги кесиптик бирлик комитетинин төрайымына кайрадан С. Стамкулованын талапкерлигин сунушталып, бир добуштан шайланды.Ал эми кесиптик бирлик комитетинин курамында өзгөрүүлөр болуп, жаны мүчөлөрү шайланды.

 

Маалыматты даярдаган: Аксы райондук №34 Н.Мешков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин кесиптик бирлик комитети