Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Инновацияга багыт алуу

Ысык-Ата районундагы М.Ванахун атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 2024-жылдын 14-февралында «Инновациялык технологиялардын негизинде жаш муундарды окутуунун жана тарбиялоонун прогрессине» темасындагы семинар болуп   өттү.  Семинарга Ысык-Ата райондук билим берүү уюмдарынын директорлору, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ч.Бакашова, Ысык-Ата районунун билим жана илим кызматкерлеринин профсоюздук комитетинин төрайымы Б.Тыныбекова катышты. Ачык сабактарда предметтер боюнча окутуунун жаңы усулдары семинардын катышуучуларынын жана окучуулардын билим сапатын арттыруучу заманбап технологиялар тууралуу сөз болду. Семинар окучуулар даярдаган концерттик программа менен аяктады.

 

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ысык-Ата райондук комитети