Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Электр самоорлору тапшырылды

2024-жылдын 12-февралында Ж.Баласагын атындаыг Кыргыз улуттук университетинин кесиптик бирлик комитети №5 жана №7 студенттик жатаканаларда жашаган студенттердин жашоо шарттарын жакшыртуу, КУУ администрациясынын ишине практикалык жардам жана каржылык колдоо көрсөтүү  максатында социалдык-кайрымдуулук акциясын өткөрүп, №5 жатаканага - 8, ал эми №7 жатаканага - 7 электр самоорун тапшырды. Көлөмү 10 литр 15 самоорду сатып алуу үчүн кесиптик бирлик комитети өзүнүн бюджетинен 60 миң сом сарптады. Суу жылытуучу бул электр приборлору аталган жатаканалардын ашканаларына орнотулуп, чай, тамак-аш жана башка тиричилик муктаждыктары үчүн колдонулат.

Электр самоорлорун тапшыруу салтанаттуу кырдаалда, кесиптик бирлик комитетинин, ректораттын, жаштар департаментинин өкүлдөрүнүн, жатакана коменданттарынын, студенттер кеңешинин төрагаларынын жана студенттердин катышуусунда өттү.

Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы К.С.Жумабеков, студенттик жатаканалардын менеджери Б.Н.Шабданов, жаштар саясаты жана спорт департаминтинин директору Кадыр уулу Алмаз, жатаканалардын коменданттары Сүйүмкулова Г.А. жана Жекшенбек кызы А. өз сөздөрүндө КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов студенттердин окуу шарттарын жакшыртууга, алардын жатаканада жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын белгилешти.

Өз кезегинде студенттер КУУнун ректораты менен кесиптик бирлик комитетине, жатакана коменданттарына университеттин жатаканаларында ыңгайлуу шарттарынын болушуна ар дайым кам көрүп жаткандыктары үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: КУУнун кесиптик бирлик комитетинин жетектөөчү адиси - Жекшенбек кызы Бермет