Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Эл аралык кызматташтык

Профсоюз кружокторун уюштуруу

2023-жылдын 3-5-майында Чолпон-Ата шаарындагы «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинде «Профсоюз кружокторун уюштуруу» пилоттук долбоорунун жыйынтыктарын талкуулоо семинары болуп өттү.

Семинар Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов жана анын жооптуу  кызматкерлери, шаардык, областтык, райондук кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары/тренерлери жана Швед мугалимдер профсоюзунун өкүлү Роберт Густафсондун катышуусунда өттү.

Семинардын негизги максаты профсоюз кружокторун түзүү долбоорунун негизинде ишке ашырылган пилоттук фазанын аткарылышындагы тренерлер топтогон иш-тажрыйба менен бөлүшүү жана долбоордун кийинки кадамдарын талкуулоо болуп саналат.

Аталган талкууда кесиптик бирликтин Жети-Өгүз, Кара-Суу, Аламүдун, Кара-Буура, Жумгал, Чүй райондук комитеттеринин жана Каракол  шаардык комитеттеринин профсоюздук кружокторду  уюштуруу боюнча иш тажрыйбалары талкууланып, презентация аркылуу көрсөтүлдү.

Семинардын жүрүшүндө тренерлер аймактардагы катышуучулардын окуу кружокторуна болгон кызыгуусун белгилөө менен кружоктор аркылуу профсоюз мүчөлөрүнүн укуктук дареметин, биримдигин, ынтымагын, тилектештигин жогорулатуу мүмкүн экендигин баса белгилешти.  

Ошондой эле профсоюздук кружокторду уюштуруу боюнча  Жобо, Колдонмо  сыяктуу иш кагаздар кичи тайпаларда талкууланып, аймактарда  тренерлерди даярдоо тууралуу иш-чаралар макулдашылды.

Белгилей кетсек, аталган семинар ЕКПО (Евро билим берүү профсоюзунун комитети), Швед мугалимдеринин бирикмеси жана КР Билим жана илим кызматкерлер кесиптик бирлигинин Борбордук комитети менен биргелешип ишке ашырылып жаткан долбоорунун алкагында уюштурулду. Учурда долбоордун пилоттук фазасы ишке ашырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети