Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Эл аралык кызматташтык

Кыргыз-Өзбек кесиптик бирликтеринин кызматташтыгы бекемделүүдө

2023-жылдын 14-15-август күндөрү Өзбекстан Профсоюздар Федерациясынын Наманган областтык Кеңешинин делегациясы иш сапар менен Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областында болушту. Өзбекстандык делегация төмөнкү курамда келишти:

1. Ганиев Лутфидин Фатхидинович - Өзбекстандын билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Республикалык Кеңешинин Наманган областы боюнча жооптуу уюштуруучусу;

2. Настинов Нозимжон Кодирович - Өзбекстан Профсоюздар Федерациясынын Наманган областтык Кеңешинин аппаратынын уюштуруу иштер бөлүмүнүн башчысы;

3. Акрамов Алихон Вали уулу - Өзбекстан Профсоюздар Федерациясынын Наманган областтык Кеңешинин идеология жана спорт иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы;

4. Джорабоев Одилжон Гаипбердиевич - Өзбекстан Профсоюздар Федерациясынын Наманган областтык Кеңешинин эмгекти коргоо боюнча жетектөөчү адиси;

5. Корабаев Мирзанозир Абдувахабович - Өзбекстан Профсоюздар Федерациясынын Наманган областтык Кеңешинин эмгекти коргоо боюнча техникалык инспектору;

6. Абдукахаров Йигитали Рахимбердиевич - Өзбекстан Профсоюздар Федерациясынын Наманган областтык Кеңешинин финансы бөлүмүнүн  жетектөөчү адиси;

7. Гафуров Абдурасул Рахимжанович - Өзбекстандын билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Учкоргон райондук Кеңешинин  төрагасы;

8. Умаров  Акмал  Алимжанович - Өзбекстандын билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Наманган шаардык Кеңешинин төрагасы;

9. Сиддиков Алижон Мадаминович - Өзбекстандын билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Косонсой райондук Кеңешинин төрагасы;

10. Бегматов Шермухаммад Тургунбаевич - Наманган Мамлекеттик Университетинин кесиптик бирлик уюмунун төрагасы.

“Эл аралык кызматташтык - кесиптик бирлик уюмдарынын ишмердүүлүгүн өркүндөтөт!” темасындагы Эл аралык жолугушуунун 1-күнү Өзбекстандык делегация Жалал-Абад областынын Ноокен  районунун башкы аянтында салтанаттуу тосуп алынды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлү, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Ишекбеков Таалайбек Ишенбекович, Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов, Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы Абдукахар Исмаилов катышып, делегация жетекчилерин кабыл алып, эстелик белектер тапшырылып, жакшы каалоо тилектер айтылды.

Эл аралык жолугушууну райондук мамлекеттик администрациясынын кичи конференц-залында Өзбекстандык делегациянын, Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов, Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы Абдукахар Исмаилов, райакимдин орун басары Зияда Юлдашева, райондук билим берүү бөлумүнүн башчысы Нурбек Олжобаев, Жалал-Абад областынын район, шаар, окуу жайлардын кесиптик бирлик комитеттеринин төрагаларынын катышуусунда башталып, Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлү, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Ишекбеков Таалайбек Ишенбекович иш-чараны ачып, андан ары улантты.

Алгачкы сөз Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигин Борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогуловго берилди. Борбордук комитеттин төрагасы А.Токтогулов Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин атынан делегацияга жакшы каалоо тилектерин билдирүү менен баштады. Борбордук комитеттин эл аралык кызматташтык жаатындагы ийгиликтерин айтып, өтүп жаткан иш-чара областтык жана райондук деңгээлде уланып жаткандыгын жакшы саамалык жана жетишкендик экендигин белгиледи. Кыргыз-Өзбек мамилелерин чыңдоо менен иш тажрыйбаларды өз ара үйрөнүү аркылуу кесиптик бирлик уюмдарынын ишмердүлүүгүн өркүндөтүүгө жетишүүнүн жолу катарында экендигин белгилеп өттү.

Өзбекстандын делегациясынын атынан Наманган Мамлекеттик Университетинин кесиптик бирлик уюмунун төрагасы Бегматов Шермухаммад Тургунбаевич сүйлөп, өзбекстандык кесиптештердин саламын, каалоо-тилектерин билидирип, эстелик белектерин тапшырышты. Делегациянын өкүлү Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Наманган шаардык Кеңешинин төрагасы Умаров  Акмал Алимжанович сөзгө чыгып, башталган достук мамилелерди райондук жана шаардык денгээлде улантуу тууралуу Жалал-Абад шаардык комитеттин төрагасы Мамасадыков Максат менен жакшы пландарды сүйлөшүп чечишкендигин маалымдап, мындан ары эки элдин достук мамилелерин чыңдоо боюнча иштер улана берерин белгиледи.

Областтык комитеттин төрагасы Исмаилов Абдукахар Арапович өз сөзүндө, эл аралык кызматташтыкты бекемдөө менен ийгиликтер жаралып жаткандыгын айтып, Өзбекстандык кесиптештерден алынган тажрыйбаларды район, шаар комитеттерине жеткирип, демилгелүү иштер башталганын баса белгиледи. Областтык профлидерлердин атынан Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигин Борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогуловго, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Таалайбек Ишенбековго убакыт бөлүп, иш-чарага катышып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын катышуучулары Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин иш-тажрыйбасы менен таанышышты. Алгач билим берүү кызматкерлерине түзүлүп жаткан иштер менен таанышуу максатында райондук усулдук кабинети менен тааныштырышты. Кызыктырган суроолоруна жоопторун алышты.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы Кубанычбек Нышанов аткарылып жаткан иштер тууралуу слайд шоу менен маалымат берди. Меймандардын суроолоруна Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигин Борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов толуктап, кеңири  мисалдар менен жооп берди.

Иш-чара “Жалал-Абад” санаториясы менен таанышуу менен улантылды. Курорттун жетекчиси Каимов Рамиз Төлөгөнович меймандарга курорттун тарыхы жана алдындагы иштери тууралуу кеңири айтып берди. Меймандар эстелик белектерин тапшырышты. Иш-чаранын экинчи күнү Арастанбаптагы шаркыратмага зиярат кылышып, куран окулду. “Арстанбап-Ата” туристик пансионаты менен таанышышты.

Пансионаттын директору Хашим Ажы Атакозуев пансионат боюнча маалымат берип, анда түзүлгөн шарттар менен жеринде тааныштырды. Меймандар эстелик белегин тартуулашты. Өзбекстандык делегация кыргызстандык кесиптештерге жакшы кабыл алганы, меймандостук мамилеси, каалоо тилектери үчүн ыраазычылык билдиришип, эки мамлекеттин элине тынчтык, өнүгүү, аманчылык, бакубат жашоо каалашты.

 

Материалды даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров