Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Эл аралык кызматташтык

Эл аралык окутуу-семинары

2023-жылдын 12-ноябрынан тартып 16-ноябрына чейин Өзбекстан профсоюздар федерациясы, Эл аралык эмгек уюму (МОТ) жана Өзбекстан профсоюздар федерациясынын алдындагы кызматкерлердин билимин жогорулатуу институтунун уюштуруусунда “Борбордук Азияда профсоюздук билим берүү аркылуу жумушчулардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү: келечекке көз салуу ” темасында Турция, Монголия, Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан жана  Өзбекстан Республикаларынын катышуусунда окутуу-семинары болуп өттү.

Окутуу-семинарына Эл аралык эмгек уюмунун  жумушчу ишинин бюросунун Европа жана Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн башчысы Сергиус Гловацкас, Эл аралык уюмунун АКТРАВ МУЦ окутуучусу Эвелин Тот Муччиаччаро жана Молдова эмгек институтунун окутуу-тренери Дорин Суручану тарабынан “Эмгек горизонтторун изилдөө жана профсоюздук билим берүү дүйнөсү” темасында окутуу жана “Окууну башкаруу процесси”, “Структура, экспертиза жана билим берүү каражаттары” темасында пленардык дискуссиялар жана “Профсоюз мүчөлөрүнүн билимин жогорулатууда окутуу иштердин абалы”, “Профсоюздук билим берүү боюнча окуу жайларынын туруктуулугун камсыз кылуу” темаларында тажрыйба алмашуу ирээтинде тегерек столдор уюштурулду.

Окутуу-семинарынын катышуучулары кесиптик бирлик активисттерин окутуп-үйрөтүү кесиптик бирлик уюмунун ийгиликтүү иштешинин кепилдиги экенин баса белгилөө менен кесиптик бирликтин катардагы мүчөлөрү менен иш алып барууда, алардын кесипкөйлүгүн жана компетенттүүлүгүн жогорулатууда кесиптик бирликтин баштапкы уюмдарына, алардын жетекчилерине ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүү үчүн кесиптик бирлик активистерине  системалуу түрдө окутуу-семинарларын уюштуруп туруу зарыл экендигин белгилешти.

Окутуу-семинарына КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин уюштуруу иштери боюнча бөлүм башчысы Э.Кулназарова катышып, кесиптик бирликтин активинин арасында жаңыча ой жүгүртүүнү калыптандыруу, алардын ишин такай талдоо, уюмду бириктирген жаңы формаларды жана методдорду издөө, кесиптик бирликтин ишинин максаттарын, структурасын жана методдорун азыркы замандын талабына ылайык келтирүү, башкача айтканда заманбап кесиптик бирликти түзүү боюнча тажрыйба алып кайтты.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Борбордук комитети