Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Эл аралык кызматташтык

Эл аралык кызматташтык бекемделүүдө

Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстандын Профсоюздар Федерациясы ортосундагы Макулдшууларды ишке ашыруу максатында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитети менен Наманган областтык Профсоюздар Кеңеши биргеликте тажрыйба алмашуу иш-чараларын өткөрүшүп, кызматташуу боюнча ситемалуу иш аракеттерди башташкан.

Эки тараптуу макулдашууга ылайык кесиптик бирлик уюмдары менен кызматташтыкты өркундөтүү үчүн кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитетинин жана Насирдин Исанов атындагы жатак гимназия мектебинин кесиптик бирлик уюмунун демилгеси менен Кыргыз Республикасынын биринчи Премьер-министри Насирдин Исановдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык турнири 2023-жылдын 5-8-ноябрында Кочкор-Ата шаарынын спорттук комплексинде болуп өттү.

Спорттук иш-чаранын катышуучуларына Кочкор-Ата шаарындагы мектептердин окуучулары чакан концерт тартуулашты.

Турнирге Өзбекстандын Ташкент шаарынан, Андижан областынан, Кыргызстандын Бишкек шаарынан жана 7 областынан 18 команда, жалпы 166 спортчу катышышты. Жыйнтыгында 1-орун Кочкор-Ата шаарынын, 2-орун Андижан областынын, 3-орун Бишкек шаарынын спорт колледжи командалары ээлешип, жеңүүчүлөр диплом жана атайын белектер менен сыйланышты.

Өзбекстандык меймандар турнирди мыкты уюштургандыгы үчүн Кочкор-Ата шаарындагы кесиптештерине ыраазычылыктарын билдиришти.

 

 

Маалыматт даярдаган: кесиптик бирликтин Ноокен райондук  комитетинин Президиумунун мүчөсү, Кочкор-Ата шаарындагы спорт мектебинин директору А.Усманов