Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Эл аралык кызматташтык

Эл аралык Евразия биримдигинин XV форуму

2023-жылдын 10-13-июль күндөрү  Казакстан Республикасынын Туркестан калаасында түрк тилдүү өлкөлөрдүн билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Эл аралык Евразия биримдигинин XV форуму болуп өттү.

Форумга Туркия, Азербайжан, Кипр, Румыния, Косово, Македония, Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстан Республикасынын кесиптик бирлик лидерлери катышышты.

Кыргызстандан билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Эл аралык Евразия биримдигинин XV форумуна Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогуловдун жетекчилигинде билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Тон, Баткен жана Кара-Суу райондук комиттеринин төрагалары катышышты.

Форумдун катышуучулары Казакстан Республикасынын Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитети тарабынан билим берүү  кызматкерлеринин социалдык- экономикалык укуктарын коргоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштери менен таанышышты.

Туркестандагы Х.А.Яссави атындагы казак-түрк эл аралык университетинде жана Кызылордадагы Коркыт-Ата университетинде болушуп, жогорку окуу жайларындагы кесиптик бирлик комиттеринин аткарып жаткан иштери менен таанышышып, ректорлору менен жолугушуулар болуп өттү.

Форумдун катышуучулары Х.А.Яссавинин жана Коркыт-Атанын мавзолейинде болушту. Иш-чаранын соңунда билим берүү кызматкерлеринин профсоюздарынын Евразия биримдигинин төрагалары келечекте билим берүү кызматкерлеринин укуктарын коргоо, мыйзамдарды иш жүзүнө ашыруу жана тыгыз кызматташтыкта иш алып баруу максатында резолюция кабыл алышты.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Борбордук комитети