Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Эл аралык кызматташтык

Брюсселдеги эл аралык жыйын

2023-жылдын 16-17-ноябрында Европа кесиптик бирлик  билим берүү комитетинин жыйыны Бельгиянын борбору Брюссель шаарында болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов жана ассистент А.Туратбекова катышты. Эл аралык жыйын ЕКПОнун мүчө уюмдары болгон Албания, Армения, Болгария, Хорватия, Македония, Грузия, Украина, Португалия, Франция, Германия, Армения, Славения, Нидерландия, Венгрия, Казакстан Республикасынын кесиптик бирлик лидерлеринин жана Европа профсоюздук билим берүү комитетинин башчысы Ларри Фланаган жана Европа өлкөлөрү боюнча директору Сьюзан Флокендин  катышуусунда болуп өттү.

Жыйында күн тартибиндеги төмөнкү маселелер талкууланды:

- Билим берүүдө жана окутууда педагогдун учурдагы милдети;

- Санариптештирүү жана жасалма интеллект;

- Европа өлкөлөрүндөгү билим берүү;

- ЕКПОнун санариптештирүү платформасы жана консультативдик тармагы;

- Виртуалдык форумдар;

- Мугалимдердин айлык-акылары жана жетишсиздиги

- Кесиптик бирлик ишинин артыкчылыктары жана өзгөчөлүктөрү;

- Бүгүнкү күндөгү түзүлүп жаткан жамааттык келишимдер;

- Социалдык диалог;

- Экономикалык жана социалдык маселелерди башкаруу системасы;

- Эл аралык жыйында мугалимдерди колдоо боюнча жаңы (Go Public) долбоору, мугалимдик кесиптин статусун жана жагымдуулугун жогорулатуу, мүчө уюмдардын ортосунда тажрыйба алмашуу жана жайылтуу боюнча кеңири талкуу болду. Биринчилерден болуп, 2023-жылдын 2-6-октябрына чейин #MakeTeachingTtractive #ОкутуунуКызыктууКыл  деген аталыштагы жумалык, Европа мугалимдеринин  ортосунда жогорку деңгээлде болуп өткөн.

ЕКПОнун Европа боюнча директору Сьюзан Флокен Борбордук жана Чыгыш Европадагы эң көйгөйлүү маселелерге токтолуп, социалдык диалогду, демократияны жана профсоюздук укуктарды бекемдөө, ошондой эле сектордогу эмгек шарттарын жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов да күн тартибиндеги маселелер боюнча өзүнүн ой-пикирлери менен бөлүштү.

Жыйында ЕКПОнун 2022-2023-жылдардагы иштери жана күн тартибиндеги маселелер каралып, тийиштүү чечимдер кабыл алынды.



Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Борбордук комитети