Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Методикалык жардам

Жаңы жылда иш жандуу болсун

2024-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаевдин  жогорку окуу жайларынын жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугуушуда Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаев кесиптик бирликтин азыркы учурдагы абалы, милдеттери жана максаттарына токтолуу менен кесиптик бирлик комитеттеринин төрагаларын активдүү иштешүүгө чакырды.

Жогорку окуу жайларынын жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары билим берүү жана илим кызматкерлеринин укук, социалдык жана экономикалык талаптарын коргоодо  жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалымат берүү менен кесиптик бирлик комитеттеринин ишин жакшыртуу боюнча сунуштарын беришти.

Төрага А.Султанбаев өз сөзүндө кесиптик бирлик комитеттери  билим берүү кызматкерлеринин социалдык, эмгектик укуктарын жана кесиптик кызыкчылыктарын коргоо жаатына айрыкча көңүл буруу зарылдыгын баса белгиледи. Кызматкерлердин укугун бузуу фактылары көз жаздымында калбашы керек. Конфликти чечүү комиссияларынын иштерине катышуу, окуу жайынын ректораты менен биргеликте социалдык маселелерди биргелешип чечүүгө, эки тараптуу келишимдердин аткарылышына жетишүү зарыл. Студенттердин, окуучулардын социалдык абалдарын  жакшыртуу да күн тартибиндеги маанилүү маселе экендигин кесиптик бирлик комитеттеринин төрагаларынын эсине салды.

Кызматкерлердин ден соолугун чыңдоо, эс алууларын уюштуруу боюнча да аракеттерди көрүү жана борбор шаардагы медициналык борборлор менен жеңилдетилген меджардамдарды көрсөтүү жолдорун карап көрүү сунушу айтылды.

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы К.Жумабеков “ Кафедра башчысы жөнүндө” жана “Кафедра жөнүндө”  Жоболордо карама-каршылыктар учурап жатканына байланыштуу КР Билим жана илим министрлигине сунуштар менен кайрылуу керек экендигине токтолду.

Билим берүү кызматкерлеринин медициналык кароодон өтүүсүндөгү кездешип жаткан кыйынчылыктарды чечүү максатында борборлоштурулган медициналык кароолорду өткөрүүнү уюштуруу боюнча КР саламаттыкты сактоо министрлигине сунуш киргизүүнү И.Раззаков атындагы  Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы А.Абылаева жана К .Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Кудайкулов көтөрүп чыгышты.

Кесиптик бирликтин Борбордук кромитетинин төрагасы А.Султанбаевге кесиптик бирликтин Борбордук комитеттинин президиум мүчөлүгүнө   ЖОЖ жана АОКОЖнын кесиптик бирлик комитеттеринин төрагаларынын ичинен киргизүү сунушу айтылды.

Ден соолукту чыңдоо фонду тарабынан берилип келе путевкаларга убактылуу мараторий жарыялангандыгына байланыштуу, кызматкерлерди эс алдыруунун башка формаларын иштеп чыгуу сунушу да каралды. Кесиптик бирликтин төрагалары өздүк бюджет аркылуу кызматкерлерди коңшу мамлекеттерге Казакстан, Өзбекстанга жана өзүбүздүн ажайып кооз жерлерибизге эс алдырууну уюштуруу керек экендигин баса белгилешти.

Билим берүү кызматкерлеринин медициналык кароодон өтүүсүндөгү кездешип жаткан кыйынчылыктарды чечүү максатында борборлоштурулган медициналык кароолорду уюштуруу боюнча КР саламаттыкты сактоо министрлигине сунуш киргизүүнү И.Раззаков атындагы  Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы А.Абылаева жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Кудайкулов көтөрүп чыгышты.

Кесиптик бирликтин Борбордук кромитетинин төрагасы А.Султанбаевге кесиптик бирликтин Борбордук комитеттинин президиум мүчөлүгүнө   ЖОЖ жана АОКОЖнын кесиптик бирлик комитеттеринин төрагаларынын ичинен киргизүү сунушу айтылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети