Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Методикалык жардам

Профсоюздук кружоктор профсоюздардын компетенттүүлүгүн жогорулатуу үчүн маанилүү

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов 2022-жылдын 12-16-сентябрында тармактык профсоюздун кесиптик бирлик лидерлерине  профсоюздук кружокторду түзүү боюнча  базалык билимдерди берүү максатында Бишкек шаарында өткөн семинардын ачылышында “Профсоюздук кружоктор профсоюздардын компетенттүүлүгүн жогорулатуу үчүн маанилүү” – деп айткан сөзү баштапкы кесиптик бирлик уюмдарында профсоюздук кружокторду активдүү уюштурууга дем берет.

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  кесиптик бирлик комитеттин төрайымы М.Ш.Маткаримованын демилгеси боюнча баштапкы кесиптик бирлик уюмдарында профсоюздук кружокторду уюштуруу боюнча окуулар башталды. ЖАМУнун медицина колледжинин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун жетекчиси Г.Алимбаева демилгени колго алып, алгачкы профсоюздук кружокту уюштурду. Ага ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрайымы М.Маткаримова, медицина колледжинин директору А.Д.Эгембердиева, комитеттин  структуралык курамын түзгөн бардык баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын  жетекчилери, профлидерлер, жаштар кеңешинин мүчөлөрү  жана бардык факультет,  колледждердин студенттик кесиптик бирлик уюмдарынын актвист-лидерлери катышышты. Окуу төмөнкүдөй программа боюнча өттү:

Профсоюздук кружоктун программасы

№1 сабак

1. ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетинин жаштар кеңешинин ишмердүүлүгү. Медицина колледжинин кесиптик бирлик бюросунун студенттердин арасында жүргүзгөн иш аракеттери  (ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетнин жаштар кеңешинин жетекчиси А.Усеновдун баяндамасы); 

2. Профсоюздук кружок жана анын ишин жүргүзүү боюнча маалымат. Прфсоюздук кружоктун жобосу (ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетнин төрайымы М.Маткаримованын баяндамасы);

3. Практикалык окуу:  Профсоюздук чогулуш.  Аны кантип даярдоо керек? Чогулушту өткөрүү  тартиби. Протоколду туура тариздөө (Медицина колледжинин   модератор-студенттеринин  иштиктүү-практикалык сабагы);

4. Сабакты жыйынтыктоо.

Окууну медицина колледжинин кесиптик бирлик уюмунун жетекчиси Алимбаева Гульбайра ачып, биринчи сабактын максаты, программасы жана аны алып баруучу модератор-студенттер менен тааныштырды.

Комитеттин жаштар кеңешинин жетекчиси Адилет Усенов кесиптик бирлик уюму, комитет жана анын структурасы, жаштар кеңеши, студенттердин  кесиптик бирлик уюму мүчөлүк акы, кесиптик бирликтин иштөө принциби, ишмердүүлүгүнүн багыттары,  тууралуу маңыздуу маалыматтарды презентациялап, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Комитеттин төрайымы М.Маткаримова  профсоюздук кружок, анын максаты,  мазмуну, уюштуруунун формалары, иш жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо боюнча түшүндүрмөлөрдү баяндады. Катышуучулар айрым суроолор боюнча так маалыматтарды алышты. Айрыкча укуктук мазмундагы оууларды уюштуруу маселеси белгиленди.

Ал эми практикалык бөлүктө: Профсоюздук чогулуш  эмне?  Анын кандай түрлөрү бар? Чогулушту кантип даярдоо керек жана  кандайча уюштуруп өткөрүүгө болот? – деген сыяктуу суроолордун жообун камтыган суроо – жооп түрүндөгү  студенттердин теориялык маалыматы абдан уюшкандыкта берилди. Ал эми чогулуш шарттуу түрдө “ЖАМУнун медицина колледжинин кесиптик бирлик бюросунун ишмердүүлүгү жөнүндө отчеттук чогулушу” - деп аталып, кесиптик бирлик бюросунун ушул чогулушту өткөрүүдөгү негизги иш аракетинин алгоритми түзүлдү Ошол алгоритм боюнча  чогулуштагы бир маселенин каралышы толук көрсөтүлдү. Мында студенттердин уюштуруучулук аракеттерин баалоого болот, койгон суроолору так , ага карата берилген жооптору туура жана бири-биринин жообун толуктоого жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алышты.

Жыйынтыктоо бөлүгүндө  катышуучулардын ой-пикирлерин угуу менен, жооптор жалпыланды жана сабак максатына жетти деп белгиленди.

ЖАМУнун медицина колледжинин директору, кесиптик бирликтин мүчөсү А.Д.Эгембердиева  бир эле кружоктук сабакта алган маалыматтары боюнча профсоюздук кружоктук окуунун маанилүүлүгү далаиденип тургандыгын баса белгилеп, колледждин кесиптик бирлик бюросунун мүчөлөрүнө, ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетине терең ыраазычылыгын билдирип, кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн укуктук, эмгек, социалдык- эккономикалык кызыкчылыктары боюнча жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүктөрдүн натыйжалуулугуна жетишүүдө ийгиликтерди каалады.

 

Маалыматты даярдаган : ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети