Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Методикалык жардам

Практикалык жардамдар көрсөтүлдү

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитети тарабынан  Октябрь райондук мектепке чейинки билим берүү бөлүмдөрүнүн администрациялары үчүн методикалык жана практикалык жардамдар көрсөтүлдү.

Ага кесиптик бирликтин Бишкек шаардык комитетинин төрагасы Т. Бараханов жана эмгекти коргоо инспектору Т. Аруунов  №7, № 181, №17, № 85, №9,  №182, №126, №133, №122, №104 мектепке чейинки билим берүү бөлүмдөрүнө жеринде окутуу өткөрүү менен методикалык жана практикалык  жардамдарды көрсөтүштү.

Практикалык жардамдын алкагында жамааттык келишимдер, макулдашуулар, эмгекти коргоо, эмгек китепчелери, жумуш учурунда  коопсуздук чаралары, коопсуздук техникасы, өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, колдонмо китепчелер таркатылды жана эмгекти коргоо, коопсуздук эрежелери боюнча келишимдер түзүлүп, келишимдин аткарылышы боюнча актылар каралды.

 

Маалыматты даярдаган:  Кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитети