Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Методикалык жардам

Нарын областына болгон иш сапар

КР Билим жана илим кызматкрлеринин кесиптик бирлигинин  борбордук комитетинин 2022-жылдын 22-декабрындагы президиумунун №22/2 токтому менен бекитилген кесиптик бирликтин борбордук комитетинин 2023-жылга карата түзүлгөн иш планынын негизинде “Профсоюздун Нарын райондук комитетинин уставынын нормаларынын баштапкы профсоюз уюмдары тарабынан аткарылышына, колдонуудагы эмгек мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жөнүндө мыйзамынын сакталышына көзөмөл жүргүзүү жөнүндө, Нарын райондук билим берүү уюмдарында эмгекти коргоо жана жергиликтүү бийлик органдары менен өнөктөштүктү уюштуруу аркылуу алардын кызматкерлерине социалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө” маселе боюнча кесиптик бирликтин  иштери менен таанышуу  жана практикалык жардамдарды көрсөтүү Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы райондук жана Нарын шаардык комитеттеринде жүргүзүлдү.

Иш сапарга кесиптик бирликтин Борбордук комитеттин аппарат жетекчиси, башкы укук жана эмгекти коргоо инспектору Б.Кадыркулов, финансылык бөлүмүнүн башчысы Н.Абикова, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Э.Кулназарова, эмгек акы жана социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Закиряева, социалдык камсыздандыруу боюнча адиси Г.Абдрашитова жана маалыматтык иштер боюнча адис С.Рыскелдиева барып кайтышты.

Жеринде  кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин кызматкерлери тарабынан практикалык жардамдар көрсөтүлүп Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор, Жумгал райондук жана Нарын шаардык комитеттеринин төрагалары, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн эсепчилери ошондой эле кесиптик бирлик комитеттеринин эсепчилери үчүн окутуу-семинары өткөрүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети