Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Методикалык жардам

Мектеп жетекчилери үчүн окутуу өткөрүлдү

2024-жылдын 6-февралында Билим  жана илим кызматкерлеринин, Кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитети тарабынан "СЕЙТЕК" балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери үчүн  окутуу-семинары өткөрүлдү.

Окутууда кадрдык иш-кагаздарын жүргүзүү, иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин укуктары жана милдеттери, эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук талаптарын сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кадрдык иш кагаздарын жүргүзүү, ишке  кабыл алууда жана бошотууда буйруктарды туура жол-жоболоо, эмгек өргүүлөрү боюнча  кенен малымат берилип, усулдук-практикалык жардамдар көрсөтүлдү.

Окутуунун алкагында коопсуздук жана эмгекти коргоо, өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча колдонмо китепчелер таратылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Бишкек шаардык комитети