Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Методикалык жардам

Кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүн жогорулатуу башкы максатыбыз

2024-жылдын 25-январында  Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаевдин Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитетинин төрагасы Т.Бараханов жана кесиптик бирлик комитетинин аппарат кызматкерлери менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугуушуда Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаев азыркы учурдагы кесиптик бирликтин абалы, алдыдагы максаттар жана  милдеттерге токтолуу менен кесиптик бирликтин Бишкек шаардык комитетинин төрагасы Т.Барахановго кесиптик бирликтин мүчөлүгүнөн чыгып кеткен мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлерин кайрадан мүчөлүккө тартуу, баштапкы кесиптик бирлик уюмдары менен иштерди активдештирүүгө чакырды.

Социалдык өнөктөштөр болгон Бишкек Билим берүү департаменти, Бишкек шаардык мэриясы жана райондук билим берүү бөлүмдөрү менен тыгыз кызматташууну жөнгө салуу, кызматкерлердин социалдык-экономикалык таламдарын ишке ашыруу боюнча “Үч тараптуу макулдашуулардын” аткарылышына жетишүү, биргеликте иш алып баруу сунушу айтылды.

Ошондой эле төрага А.Султанбаев маалымат иштерине да айрыкча көңүл буруу керек экендигин белгиледи, кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин сайтына кесиптик бирликтин Бишкек шаардык комитетинин аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маалыматтарды жиберип турууну жана аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалыматтарды социалдык тармактардагы баракчалар аркылуу жайылтуу иштерин жүргүзүүнү колго алуу жагын тапшырды.

Кызматкерлердин жана алардын балдарынын ден соолуктарын чыңдоо, эс алууларын уюштуруу үчүн багытталган 0,5% ден соолукту чыңдоо фондунун акча каражатын натыйжалуу жана туура пайдалануу менен кызматкерлердин жайкы эс алууларын уюштуруу, эс алдыруунун жаңы формаларын колдонуу, “Красная гвоздика” эс алуу борборуна жана биздин бюджетке ылайык болгон пансионат, санаторийлер, балдар лагерлери менен келишимдерди түзүп, кызматкерлердин эс алууларын жогорку деңгээлде уюштуруу максатында иштерди жүргүзүү тапшырылды.

Ошондой эле кесиптик бирликтин Бишкек шаардык комитети тарабынан билим берүү тармагындагы иштеген кызматкерлерге “Профсоюзная” дисконттук карточкаларын уюштуруп, ар бир баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын мүчөлөрү дисконттук картанын ичиндеги кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууга шарттарды түзүп берүү тапшырмасы берилди.   

Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларына эмгек акыны эсептөө, кошумча эмгек акылар, эмгек өргүүлөр жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча  тегерек стол, окутуу-семинарларын ай сайын өтүп, кесиптик бирликтин кадыр баркын көтөрүү максатында тажрыйба алмашууларды, кароо-сынактарды өткөрүү - учурдун талабы экени айтылды.

Кесиптик бирликтин Борбордук комитети тарабынан иштелип чыккан  “Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин ишмердүүлүгүн 2024-2029-жылдарга өнүктүрүү программасы” кесиптик бирлик комитеттеринин иштерин уюштурууда төрагалар үчүн биринчи жардам-колдонмо катары кызмат кылат деп белгиледи.

     

Фридрих Эберт менен  болгон жолугушууда макулдашылган кесиптик бирликтер үчүн биргелешкен иш-чараларды, кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн укуктук жана социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо жаатында төрагалар, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары, активи үчүн конференция, тегерек стол, окутуу-семинарларын уюштуруу  жана ар кандай тематикадагы колдонмолорду басып чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бишкек шаардык кесиптик бирлик комитети да эл аралык фонддор менен иштөөнү колго алышы керек.

Жолугушуунун соңунда төрага А.Султанбаев Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитетинин төрагасына жана аппарат кызматкерлерине ушундай алгылыктуу иштерди жүргүзүүнү, ар бир баштапкы кесиптик бирлик уюмдары менен байланышты күчөтүүнү жана иштерин активдештирүүнү тапшырды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Бордордук комитети