Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Методикалык жардам

Кесиптик бирликтин ишин жакшыртуу-учурдун талабы!

2024-жылдын 17-январында  Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаевдин Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Чүй областынын райондук жана шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин төрага, төрайымдары менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугуушуда Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаев кесиптик бирликтин азыркы учурдагы абалы, алдыга койгон максаттар  жана  милдеттерге токтолуу менен төрагаларды кесиптик бирлик комитеттеринин ишмердүүлүктөрүн активдештирүүгө чакырды.                  

Төрага А.Султанбаев өз сөзүндө  кесиптик бирлик комитеттери  райондук, шаардык мамлекеттик администрациясы жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү менен түзгөн “ Үч тараптуу макулдашуулардагы”  талаптарды аткаруу боюнча иштерди активдештирип, кандайдыр бир жамааттык эмгек талаш-тартыштарды чечүүдө кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары кызматкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого алышы-башкы максаттардын бири болушу керек  экендигине токтолду. Ошондой эле социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча  баштапкы кесиптик бирлик уюмдарында да “ Үч тараптуу макулдашуулар” түзүлүп, кызматкерлердин иштөө жана жашоо шартын жакшыртуучу талаптарды киргизүү сунуштары айтылды.   Ар бир кесиптик бирликтин төрагаларына баштапкы кесиптик бирлик уюмдары менен иштөөнү активдештирүү жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын мүчөлөрүнө  азыркы учурдагы көйгөйлөр боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен ар бир баштапкы кесиптик бирлик уюмдарында болуп, анын мүчөлөрү менен болгон байланышты күчөтүү талабы коюлду.

Ошондой эле  төрага А.Султанбаев маалымат иштерине да айрыкча көңүл буруу керек экендигин кошумчалап, кесиптик бирлик комитеттери тарабынан көрсөтүлгөн жардамдар, ден соолукту чыңдоо үчүн берилүүчү жолдомолор,  бул боюнча уюштурулуп жаткан иш-чаралар  көз жаздымда калбоо керектигин айтып, социалдык тармактардагы баракчалар аркылуу активдештирүүнү тапшырды.

Кесиптик бирликтин Борбордук комитети тарабынан “Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин ишмердүүлүгүн 2024-2029-жылдарга өнүктүрүү программасы” иштелип чыкты. Бул программа  ар бириңиздер үчүн ишмердүүлүктүн жол картасы болуш керек. Кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин президиумунда бекитип колуңуздарга беребиз.  Ошондой эле ар бир райондук , шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин ишмердиктерин баалоо критерийлери иштелип жатат. Эми ар бириниздердин ишмердүүлүктөрүңүздөр баалоо критерийлеринин негизинде бааланып, жыйынтыктар чыгарылат.

Кесиптик бирликтердин райондук жана шаардык комитеттери өздүк бюджеттеринин эсебинен жыл сайын  “ Красная гвоздика” эс алуу борборуна кызматкерлерин эс алдырып келишет. Сокулук РПКти республикалык предметтик олимпиададан орун алган мугалимдерди Өзбекстанга саясатка алып барышкан. Ошондой эле өзүбүздүн ажайып кооз жерибиз-Суусамыр өрөөнүндөгү “ Байтур” эс алуу борборуна кызматкерлерди эс алдырышкан.

Ушундай алгылыктуу иштерди башка райондук, шаардык комитеттер да колго алыш керектиги баса белгиленди.

Кесиптик бирликтин төрагаларына төмөнкү тапшырмалар берилди:

        -Кесиптик бирлик комитеттеринин президиумдарына райБББнүн башчыларын

         жана  мектеп, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлорун

         катыштыруу;

        -Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары, активи менен

         кварталына бир жолу окутуу-семинарларын, тажрыйба алмашууларды

         уюштуруу;

        -Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын мүчөлөрү менен жолугушууларды

         уюштуруу, кызматкерлердин суроо-талаптарына жооп берүү;

        -Кызматкерлердин эс алууларын уюштуруу боюнча иштерди күчөтүү, анын

         жаңы формаларын киргизүү;

         -Маалыматтык иштерди жандандыруу, социалдык тармактарга, кесиптик

          бирликтин Борбордук комитетинин сайтына аткарылып жаткан иштер боюнча     

         маалыматтарды берүү, социалдык баракчаларга кесиптик бирлик

         уюмдарынын мүчөлөрүн киргизүү;

            Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Чүй областынын райондук жана шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары төмөнкү сунуштарды кесиптик бирликтин Борбордкук комитетине беришти.

      - Кызматкерлер жолдомолорду дарылануусу менен сурап жаткандыктарына байланыштуу “ Көгүлтүр Ысык-Көл”, “Жалал-Абад”, “Ысык-Ата ж.б.у.с. санаторийлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, келишимдерди түзүү;

      - КР УИАнын жана Ж.Баласагын атындагы КУУнин  пансионаттарына кызматкерлерди эс алдыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, келишимдерди түзүү жана эс алууларды уюштуруу ;

           Жолугушуунун соңунда төрага А.Султанбаев  кесиптик бирлик комитеттеринин төрагаларын жогоруда белгиленген  меселелерди чечүү багытында активдүү  иштерди алып барууга чакырды.

 

     Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети