Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Методикалык жардам

Кесиптик бирлик ишмердүүлүгүн жаңы деңгээлге көтөрөлү

2024-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаевдин Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Нарын областынын райондук, шаардык жана С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитеттеринин төрага, төрайымдары менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугуушуда Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаев кесиптик бирликтин алдыга койгон максаттары, милдеттери жана кесиптик бирликте болуп жаткан олуттуу өзгөрүүлөргө токтолуу менен төрагаларды кесиптик бирлик комитеттеринин ишмердүүлүктөрүн активдештирүүгө чакырды.   

              

 Төрага өз сөзүндө кыска аралыкта кесиптик бирликтин катарын чыңдоо, чыгып кеткендерди кайруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп өттү. Сиздерге чейин Бишкек шаарындагы ЖОЖ жана АОКОЖнын кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары, Чүй, Ысык-Көл, Талас областынын райшаардык комитеттеринин жана жогорку, атайын окуу жайларынын кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары, кесиптик бирликтин Бишкек шаардык комитетинин төрагасы жана аппарат кызматкерлери, Бишкек шаарынын Билим берүү департаментинин жана райондук билим берүү башкармалыктарынын башчылары  менен жолугушуулар болуп өттү. Ошондой эле социалдык өнөктөш болгон Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, кесиптик бирликтин Токтогул райондук комитетинин төрагасы, кесиптик бирликтин активдери менен жолугушуулар болду.

2024-жылдын 16-январында кесиптик бирликтин мүчөлүгүнөн чыгып кеткен кесиптик бирликтин Талас райондук комитети кайрадан шаардык комитет менен биригип уюштуруу пленумун өткөрүштү. Бүгүн да кесиптик бирликтин Токтогул райондук комитетинде уюштуруу пленуму болуп жатат.

КР Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Шаршеевна менен эки жолу жолугушуу болуп, эки тараптуу макулдашууну кайра карап чыгуу, кызматташууну жандандыруу, министрлик тарабынан Жоболорду иштеп чыгууда кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин кызматкерлерин комиссияларга кошуу сунушу айтылды. Ушундай эле иштер  район, шаар, мектеп деңгээлинде жүргүзүлүшү керек.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Нарын областынын райондук жана шаардык комитеттеринин төрагаларынан социалдык өнөктөштөр болгон райондук мамлекеттик администрациясы, шаардык мэриялар жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү менен түзүлгөн “Үч тараптуу макулдашуулардын” аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылды. Кызматкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо- кесиптик бирлик комитеттеринин башкы максаттарынын бири экенине токтолду. Ошондой эле социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча  баштапкы кесиптик бирлик уюмдарында да “Үч тараптуу макулдашуулардын” аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү,  кызматкерлердин иштөө жана жашоо шартын жакшыртуучу талаптарды киргизүү сунуштары айтылды.  

Кесиптик бирликтин райондук, шаардык комитеттеринин төрагаларына баштапкы кесиптик бирлик уюмдары менен иштөөнү активдештирүү, ар бир баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын мүчөлөрү менен жеринде жолугушууларды, окууларды уюштуруу, азыркы учурдагы көйгөйлөр боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү талабы коюлду. Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын алмашуулары көп болуп жаткандыктарына байланыштуу төрагалар үчүн кварталына бир жолу тегерек стол, окутуу-семинарларын уюштуруу, кесиптик бирликтин учурдагы абалы, максаты жана милдеттери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө көңүл бурулушун баса белгиледи.

Ошондой эле төрага А.Султанбаев маалымат иштерине да айрыкча көңүл буруу керек экендигин кошумчалап, кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин сайтына Нарын областынын райондук жана шаардык кесиптик бирлик комитеттери тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндөгү маалыматтар жокко эсе экендигин белгилеп, кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин сайтына аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалыматтарды берип турууну жана социалдык тармактардагы баракчалар аркылуу маалыматтык  иштерди активдештирүүнү тапшырды.

Кесиптик бирликтин Борбордук комитети тарабынан “Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин ишмердүүлүгүн 2024-2029-жылдарга өнүктүрүү программасы” иштелип чыгып, бекитилди. Бул программа кандайдыр бир деңгээлде сиздер үчүн ишиңиздердеги  багыт , колдонмо болсун деп брошюра чыгарылары айтылды. Ошондой эле бул программа  “ Позиция профсоюза” гезитине басылат. Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын мүчөлөрү программа менен таанышышы үчүн  кесиптик бирлик бурчтарына программаны жана 2024-жылга иш-планын көрүнөө жергежайгаштыруу сунушу айтылды.газетабызды илип коюшубуз керек.

Кыргыз Республикасынын Билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин 2024-жылга карата түзүлгөн жылдык иш планы бекитилди. 2024-жылга карата түзүлгөн жылдык иш планы кесиптик бирликтин областтык, райондук жана   шаардык комитеттерине жөнөтүлөт.

Ар бириниздердин иштеген ишиңиздерге баа берүү максатында  областтык, райондук , шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин ишмердүүлүктөрүн баалоо критерийлери иштелип жатат.

Кызматкерлердин жайкы эс алууларын уюштурууда анын жаңы формаларын колдонуу керек. Кесиптик бирликтердин райондук жана шаардык комитеттери өздүк бюджеттеринин эсебинен “Красная гвоздика” эс алуу борборуна эс алдырып келишкен. Быйыл дагы кызматкерлердин эс алуусуна көңүл бурушубуз керек. Ысык-Көлдүн жээгиндеги биздин бюджетке ылайык болгон  пансионат, санаторийлер менен келишимдерди түзүп, кызматкерлердин эс алууларын жогорку деңгээлде уюштуруу максатында иштерди жүргүзүү жана Самарканд, Бухара, Ташкент ж.б.у.с. жерлерге саякаттарды уюштуруу жагы кесиптик бирликтин райондук, шаардык комитеттеринин төрагаларына тапшырылды.

“Профсоюздук” дисконттук карточкаларын кесиптик бирликтин райондук жана шаардык комитеттери тарабынан чыгарып, кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу максатында баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын ар бир мүчөлөрүнө таратсак, бул да мүчөлөрүбүздүн ден соолугун чыңдоого жана турмуш шартын жакшыртууга болгон камкордуктун бири болуп калмакчы.

Кесиптик бирликтин Борбордук комитети эл аралык уюмдар менен байланыштарды жөнгө салуу максатында Эберт фонду менен кесиптик бирликтер үчүн биргелешкен иш-чараларды, кесиптик  бирлик мүчөлөрүнүн укуктук жана социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо жаатында төрагалар, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары, активи үчүн конференция, тегерек стол, окутуу-семинарларын уюштуруу  жана ар кандай тематикадагы колдонмолорду басып чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.  Кесиптик бирликтин райондук жана шаардык  комитеттери да эл аралык фонддор менен иштөөнү колго алышы керек.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Нарын областынын  райондук жана шаардык комитеттеринин төрагалары аткарып жаткан иштери менен кошо орун алып жаткан кемчиликтерге токтолуп өтүштү.  

Жолугушуунун соңунда төрага А.Султанбаев ушундай алгылыктуу иштерди райондук, шаардык комитеттер да колго алуу керектиги баса белгилөө менен кесиптик бирлик комитеттеринин төрагаларын жогоруда айтылган  меселелерди чечүү багытында демилгелүү иштерди алып барууга чакырды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети