Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Методикалык жардам

Эмгекти коргоо талаптарына окутууга жана аттестациялоого карата суроо жана жооптор.

Билим берүү тармактардагы жетекчилер, Эмгекти коргоо боюнча адистер жана инженерлер үчүн усулдук колдонмо (справочный материалдар).


Макулдашылды:

КПФ нын техникалык эмгек инспекциясынын башчысы Тыныбеков Д. К., КПФнын техникалык эмгек инспекторлору:

  • Казакбаев Ж. Ш.
  • Бектенова А. А.
  • Абдыкалыков Б. И.

Иштеп чыккан:

КРнын билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун эмгекти коргоо боюнча башкы техникалык инспектору Ибраимов Токторалы Шамкеевич.

 

1-тема: Эмгекти коргоонун укуктук негиздери.

 

1-суроо: Эмгекти коргоо деген эмне?

Жооп: Эмгекти коргоо-эмгектенүү процессинде кызматкерлердин өмүрүн жана ден-соолугун сактоонун тутуму, ал укуктук, социалдык-экономикалык, уюштуруу-техникалык, санитардык-гигиеналык, дарылоо-профилактикалык, калыбына келтирүүчү ж.б. чараларды камтыйт.

 --

2-суроо: Техникалык коопсуздук деген эмне?

Жооп: Кызматкерлерге эмгектин оътойлуу жана коопсуз шарттарын түзүү тутуму.

 --

3-суроо: Кызматкерлерди санитардык-тиричилик жана медициналык жактан тейлөө деген эмне?

Жооп: Иш берүүчү: таза суу менен камсыз кылууга жана кызматкерлердин тамактануусун уюштурууга; уюмда (тармакта) санитардык-тиричилик жайларын жабдууга: гардеробдорду, дааратканаларды, жуучу, тамактануу, эс алуу, аялдардын (кыздардын) өздүк гигиенасы үчүн жайларды, кырсык болуп же ооруп калган учурларда алгачкы медициналык жардам көрсөтүү ж. б. милдеттүү.

 --

4-суроо: Жумуш күнүнүн (кезметтин) ичинде эс алуу убактысы?

Жооп: Кызматкерлерге күн сайын (кезметтеги) иштин учурунда эс алуу жана тамактануу үчүн узактыгы 30 минуттан кем эмес жана жалпысынан 1 сааттан ашык эмес тыныгуу берүүгө тийиш, ал жумуш убактысына киргизилбейт.

 --

5-суроо: Акы төлөнүүчү ар жылдык негизги өргүүнүн узактыгы?

Жооп: Ар жылдык акы төлөнүүчү негизги өргүү кызматкерлерге 28 календардык күнгө берилет. Ал эми мугалимдерге узартылган негизги өргүү 56 календардык күнгө берилет.

--

6-суроо: Жумуш убактысынын (ченемдүү кыскартылганы кошо) узактыгы канча?

Жооп: Жумуш убактысынын ченеми узактыгы жумасына 40 сааттан ашпоого тийиш. Тараптардын макулдашуусу боюнча эмгек келишимдеринде жумуш убактысы 40 сааттан кем болушу мүмкүн.

--

7-суроо: Кандай жумуштарга аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынат?

Жооп: Оор жумуштарда жана эмгек шарттары зыяндуу жана (же) кооптуу жумуштарда, ошондой эле кара күч колдонулбаган иштерден жана жер астындагы иштерде ошондой эле кол менен көтөрүү жана жылдыруу менен байланышкан иштерде аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынат.

 --

8-суроо: Канча жаштан баштап жумушка алынат?

Жооп: 18 жашка толгон адам ишке алынат. 15-17 жаш курагындагы өспүрүмдөр да ишке кабыл алынышы мүмкүн, эгер уюмдун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органынын макулдугу болсо.

 --

9-суроо: 18 жашка чейинки курактагы өспүрүмдөрдүн эмгегин колдонууга тыюу салынган жумуштар кайсылар?

Жооп: 18 жашка чейинки курактагы өспүрүмдөрдүн эмгегин эмгек шарттары зыяндуу жана (же) кооптуу жумуштарда, жер астындагы жумуштарда, ошондой эле иштөө учурунда алардын ден-соолугуна жана адеп-ахлактык өнүгүшүнө зыян келтире турган жумуштарда (оюн-зоок бизнеси, түнкү кафелерде жана клубдарда иштөө, спирт ичимдиктерине, тамеки буюмдарына бангилик жана уулуу препараттарды чыгаруу өндүрүшүндө, сатууда жана ташууда) колдонууга тыюу салынат.

18 жашка чейинки курактагы кызматкерлердин эмгегин колдонууга тыюу салынуучу жумуштардын тизмеги, ошондой эле оор нерселердин чектик ченемдери КРнын Өкмөтүнүн 2000 жылдын 24-мартындагы токтому менен бекитилген.

18 жашка чейинки жумушчулар оор нерселер көтөрүүдөгү жана жылдыруудагы күч келүүлөрдүн эъ жогорку уруксат берилген чектери КРнын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2-декабрындагы №548 токтому менен бекитилген.

 --

10-суроо: 14-18 жаштагы өспүрүмдөрдүн иштөө убактысы (күнүнө канча саат) канча убакыт?

Жооп: 14төн 16 жашка чейинки курактагы өспүрүм кызматкерлер үчүн – 5 сааттан, 16дан 18ге чейинкилерге – 7 сааттан;

Жалпы билим берүүчү уюмдардын (мектептердин), башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында окуган, окуу жылынын ичинде окуусун иш менен айкалыштырган 14төн16га чейинки курактагыларга – 2,5 сааттан, 16дан 18ге чейинки курактагыларга – 3,5 сааттан; Майыптар үчүн- медициналык корутундуга ылайык.

 --

11-суроо: Эмгекти коргоо боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн иш берүүчү кандай жоопкерчиликтерди тартат?

Жооп: Тартиптик, административдик, кылмыштык жана материалдык жазалар.

 


2-Тема. Эмгекти коргоо боюнча ишти уюштуруу.

 

12-суроо: Эмгекти коргоо боюнча уюмдун кайсы негизги иш-планында чагылдырылган?

Жооп: Жамааттык келишимдер жана макулдашууларда.

--

13-суроо: Билим берүү уюмдарда эмгектин корголушун камсыз кылуу боюнча кимдер жооптуу?

Жооп: Уюмдун жетекчиси (директор, билим берүү бөлүмүнүн башчысы же орунбасары).

 --

14-суроо: Эмгекти коргоону окутуу жана эмгекти коргоо билүүлөрүн текшерүү кайсы кызматкерлер үчүн милдеттүү?

Жооп: Эмгекти коргоону окутуу жана эмгекти коргоо талаптарын билүүлөрүн текшерүү уюмдун бардык кызматкерлери жана ошондой эле жетекчилери үчүн милдеттүү (КРнын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-апрелиндеги №225 токтому менен бекитилген жобо).

--

15-суроо: Жумуш орундарында эмгекти коргоонун талаптары боюнча ким нускама берет?

Жооп: Уюмдун иш бөлүмүнүн жетекчиси, техникалык инженер.

--

16-суроо: Эмгекти коргоо боюнча комиссиянын төрагасы кимдер болушу мүмкүн?

Жооп: Профсоюз комитетинин мүчөсү, кызматкер (иш берүүчүдөн башкалар).

--

17-суроо: Эмгекти коргоо боюнча нускаманы ким түзгөн?

Жооп: Иш берүүчү тарабынан профсоюз комитети менен макулдашып типтүү программа иштелип чыгат.

--

18-суроо: Кооптуу жумуш орундарда иштегендер үчүн кандай кайталанма нускама өтүлөт?

Жооп: Үч айда бир жолу, кайталанма нускама өтүлөт.

 

3-тема. Өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды жана кесиптик ооруга чалдыгууларды териштирүү.

 

19-суроо: Кызматкер эмгектик мертинүүгө чалдыкса, анын иликтенишине Н-1 формасындагы актынын туура убактысында толтурулушуна ким жооптуу?

Жооп: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-февралындагы №64 токтому менен бекитилген «Өндүрүштүк бөөдө  кырсыктарды иликтөө жана эсепке алуу жөнүндө» жобонун II бөлүмүнүн 15-пунктунун негизинде иш берүүчү жооптуу.

--

20-суроо: Жеъил кокустуктун өндүрүш менен байланышы жоктугу жөнүндө комиссиянын тыянагына жабырлануучу макул болбосо кандай болот?

Жооп: Борбордук комитеттин эмгекти коргоо боюнча башкы техникалык инспекторуна кайрылат (КРнын Эмгек кодексинин 223-беренеси).

--

21-суроо: Башка бир объектиде сапарда жүрүп мертинүүгө чалдыкса териштирүү жүргүзүлөбү?

Жооп: Териштирилет, эгер эмгектик тапшырманы аткарууда мертинүүгө чалдыкса.

--

22-суроо: Кызматкер жумуш күнүндө түштөнүү маалында кыймылда жүрүп мертинүүгө чалдыкса териштирилеби?

Жооп: Териштирилет, эгер эмгекке байланыштуу кыймылда болсо (КРнын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-февралындагы №64 токтому менен бекитилген жобонун 3п(а) негизинде).

--

23-суроо: Эмгектик  мертинүү боюнча атайын териштирүү комиссиясынын төрагасы ким болот?

Жооп: КРнын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-февралындагы №64 токтому менен бекитилген «Өндүрүштүк бөөдө-кырсыктарды иликтөө жана эсепке алуу жөнүндө» жобонун II бөлүмүнүн 25 пунктунун негизинде БКтин эмгекти коргоо боюнча башкы техникалык инспектору төрага болот.

--

24-суроо: Кандай жагдайда кызматкер эмгектик мертинүүгө чалдыкканда, өндүрүштүк мертинүү деп эсептелбейт?

Жооп: Мындай жагдайда териштирилет. Бирок эмгектик мертинүү деп эсептелбейт, эгер:

- кызматкер мас абалында болсо;

- баъгилик жана уулуу препараттарды колдонгон болсо;

- өз кызыкчылыгы үчүн уюмга тиешелүү автоунааны, ишке колдонулуучу шаймандарды иш берүүчүнүн уруксатысыз колдонсо ж.б.

--

25-суроо: Эмгектик иш менен байланышпаган кандай мертинүүлөр эмгекке байланыштуу деп эсептелинет?

Жооп: Адамдын өмүрүн сактоо боюнча жарандык парзын аткарууда, мамлекеттик, жамааттык жана башка менчикти коргоо учурунда, ошондой эле эмгектик иш менен байланышпаган укук тартибин коргоо учурунда жана өрттөгү аракеттердин жана жаратылыш кырсыктары учурунда донордук функцияларды аткарууга байланыштуу эмгекке жарамдуулугун жоготуу иш менен байланышкан кырсыктын кесепетинен эмгекке жарамдуулугун жоготууга теъдештирилет.

--

26-суроо: Кандай кокустук мертинүүлөр учурлары атайын териштирүүгө жатат жана аны ким жетектейт?

Жооп: Атайын териштирүүгө төмөнкүлөр кирет:

- жеъил же ооруна карабай, группалык мертинүүлөр;

- оор жаракат алган мертинүүлөр;

- каза болууга дуушарланган мертинүүлөр.

Мертинүүгө чалдыккан жарандар профсоюз уюмунун мүчөлөрү болсо, атайын териштирүүнү БКтин башкы техникалык эмгек нускоочусу жетектейт.

--

27-суроо: Кокусунан болгон мертинүү группалык, оор жана каза болуу менен коштолсо, кандай , билдирүү жасалат?

Жооп: Мертинүү группалык, оор жана каза болуу менен коштолсо, иш берүүчү тезинен телефон (факс) же атайын тиркемедеги форма менен телефонограмма төмөндөгүдөй жогорку дистанцияларга билдирүү жолдойт:

-уюмдун баш ийүүчү жогорку органына;

-областтык (Бишкек ш.) мамлекеттик эмгек инспекциясына;

-жергиликтүү прокуратурага;

-аймактык профсоюз комитетине;

-БКтин эмгек инспекциясына.

--

28-суроо: Атайын териштирүүнүн материалдары кайсы жактарга жиберилет (жолдонулат)?

Жооп: Атайын териштирүүнүн техникалык актысы, Н-1 формасынын актысы жана териштирүүнүн материалдары иш берүүчүгө жүктөлүп, комиссиянын төрагасы териштирүү бүткөндөн кийин комиссиянын төрагасы 5 күндүн ичинде материалдарды төмөндөгүдөй жолдойт:

- окуя болгон аймактык прокуратурага;

- областтык (Бишкек ш.) мамлекеттик эмгек инспекциясына;

- КРнын мамлекттик эмгек инспекциясына;

- атайын териштирүүнүн актысы менен Н-1 формасынын актысынын копиясын  уюм баш ийүүчү жогорку органга;

- аймактык (областтык) профсоюз комитетине;

- БКтин эмгек инспекциясына;

- атайын териштирүүнүн актысы менен Н-1 формасындагы актынын копиясынын мертинген адамга же каза болгондун үй-бүлө мүчөсүнө.

 

4-тема. Эмгектик мертинүүгө байланыштуу зыяндын ордун толтуруу.

 

29-суроо: Оор эмгектик мертинүүдөгү ден-соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу өлчөмү кимдер тарабынан аныкталат?

Жооп: Оор эмгектик мертинүүнүн кесепетинен кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасы, майыптык тобу жабырлануучу күбөлөндүрүүнүн натыйжалары боюнча медициналык-социалдык эксперттик комиссия (МСЭК) тарабынан аныкталат.

--

30-суроо: Зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү эсептеле турган эмгек акынын курамы.

Жооп: Зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү эсептеле турган эмгек акынын жоготулган курамына эмгегине акы төлөөнүн бардык түрлөрү кирет. Эмгек акылардын бардык түрлөрү салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү кармаганга чейин эсептелген суммаларда эсепке алынат. Эмгекке жарамсыздыгы боюнча алуучу пособие орточо эмгек акы эмгектик мертинүүдөн мурунку жумушунун акыркы 12 айы үчүн аныкталат.

--

31-суроо: Жабырлануучуга бир жолку берилүүчү жөлөкпулдардын түрлөрү кайсылар?

Жооп: Бир жолку берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмү жамааттык келишимде аныкталат да, эмгекке жарамдуулукту жоготуунун жана майыптуулукту эсепке алуу менен төмөндөгү өлчөмдөрдө дайындалат (төлөнөт):

  • III топто майып болгондо жапа чеккен адамдын орточо жылдык үч эмгек акысы өлчөмүндө;
  • II топто майып болгондо жапа чеккен адамдын орточо жылдык беш эмгек акысы өлчөмүндө;
  • I топто майып болгондо жапа чеккен адамдын орточо жылдык он эмгек акысы өлчөмүндө;

Жабырлануучунун (багар-көрөөрүнүн) каза болгон учурда зыяндын ордун толтурууга укугу бар адамдарга иш берүүчү жабырлануучунун жыйырма орточо жылдык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнөт.

--

32-суроо: Кандай кырдаалда аралаш жоопкерчилик колдонулат?

Жооп: Эгерде жабырлануучунун одоно этиятсыздыгы зыяндын келип чыгышына түрткү болсо, анда ордун толтуруу өлчөмү жабырлануучунун күнөөсүнүн даражасына жараша азайтылат. Башкача айтканда, эгер жабырлануучу КРнын Эмгек кодексинин 212-беренесине ылайык өз милдеттерин аткарбаса аралаш жоопкерчилик колдонулат.

--

33-суроо: Кесиптик оорудан улам убактылуу эмгекке жарамсыздык келип чыкса, жөлөкпул кандай төлөнөт?

Жооп: Кесиптик ооруну  саламаттык сактоо адистери жана МСЭК аныктайт.

Кесиптик оорудан улам убактылуу эмгекке жарамсыздык келип чыккан учурда жөлөкпул кесиптик оору учурун тергөө жөнүндө Н-1 формасындагы актысы бар болгон учурда дайындалат. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдарды дайындоо учурунда кесиптик оорулар деп «Кесиптик оорулардын тизмесин бекитүү жөнүндө» КРнын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы №225 токтому менен бекитилген кесиптик оорулардын тизмесинде көрсөтүлгөн оорулар саналат.

--

34-суроо: Эмгектик мертинүүгө чалдыккан учурда канчалык убакытка чейин эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпул төлөнөт?

Жооп: Жөлөкпул дайындоого негиз болуп белгиленген тартипте саламаттык сактоо уюмдары тарабынан берилген эмгекке жарамсыздыгы баракчасы саналат. Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпул ооруканада же мертингенде берилет. Эмгекке жарамсыздыгын жоготкон бүткүл мезгилдин ичинде Медициналык Экспертизалоо Комиссиясы (МСЭК) майыптуулукту белгилегенге чейин.

Убактылуу Эмгекке жарамсыздык пайда болгон күндөн тартып төрт ай өткөндөн кийин (120 күн) же үзгүлтүк менен беш айдан ашпаган (150 күн) убакытка жалпы жонунан акыркы он эки айдын ичинде узакка ооруган адамдар көрсөтүүлөр бар болгон учурда МСЭКке күбөлөндүрүүгө жөнөтүлөт.

--

35-суроо: Кокусунан болуучу эмгектик мертинүүгө чалдыгууда жабырлануучу тарткан зыяндын ордун толтуруунун түрлөрү кайсылар?

Жооп: КРнын Эмгек кодексинин 231-беренисинин негизинде төмөнкүлөрдөн турат:

  1. Жоготулган эмгек акынын (же анын тийиштүү бөлүгүнүн) ордун толтурууга төлөө. Мында медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) чечимине ылайык аныкталат.
  2. Кошумча чыгымдарды компенсациялоо (дары-дармек сатып алууга, кошумча тамактанууга жана санаториялык, курорттук дарыланууга ж.б.)
  3. КРнын Эмгек кодексинин 247 жана 252 беренелеринин негизинде бир жолку жөлөкпулду төлөө.
  4. Моралдык зыяндын ордун толтуруу.
  5. Сөөк коюуга кеткен чыгымдардын ордун толтуруу (КРнын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы №727 токтому менен бекитилген Расымдык (сөөк коюу боюнча) жөлөкпулду төлөө тууралуу төлөө) жөнүндө жобо.

--

36-суроо: Зыяндын ордун толтуруу суммасын төлөй баштоо мөөнөттөрү.

Жооп: Зыяндын ордун толтуруу суммалары төмөнкү учурларда төлөнөт:

  1. Жабырлануучуларга алар эмгектик мертинүүнүн кесепетинен эмгекке жарамдуулугун толук же жарым-жартылай жоготкон күндөн тартып;
  2. Жабырлануучунун каза болгонуна байланыштуу зыяндын ордун толтурууга укуктуу адамдарга жабырлануучу каза болгон күндөн тартып, бирок зыяндын ордун толтуруу укугун алган күндөн эрте эмес. Мында арыз берилген күн зыяндын ордун толтуруу үчүн кайрылган күн катары эсептелинет.

 

5-тема. Эмгектик гигиенасы

 

37-суроо: Адамдын организмине терс таасирин тийгизүүчү шуулдоолор кайсылар?

Жооп: Жогорку тондогу шуулдоолор (чуулдоолор, күүлдөөлөр).

--

38-суроо: Жумуш иштөөчү жайдын (бөлмөнүн) жабдылыш жарыгын төмөндөткөн факторлор тизмегине кайсылар кирет?

Жооп: Терезе-айнектердин, дубал беттеринин, шыптын (потолоктун), иштөөчү жарык жабдууларынын өз убагында ремонттон өтпөгөндүгү.

--

39-суроо: Аудиториялар, класс бөлмөлөр кандай температуралык режимде болуусу зарыл?

Жооп: Температурасы +18°тан төмөн болбоосу.

--

40-суроо: Аптечка жумуш иштөөчү жайдын кайсы жерине жайгаштырылат?

Жооп: Жалпыга көрүнүүчү оътойлуу жерде.

--

41-суроо: Аптечканын ичин толуктап толтурууга ким жооптуу?

Жооп: Иш берүүчү.

--

42-суроо: Дененин бир жерин оорутуп (создуктуруп же көгөртүп) алса, кандай биринчи жардам берилет?

Жооп: Муздак ванночка же компресс.

--

43-суроо: Кокустуктан мертинүүдө вена кан тамырынан аккан канды кантип токтотот?

Жооп: жгут (өрүлгөн, эшилген нерсе) менен таъып кан агууну токтотуп, тезинен врачка кайрылуу.

--

44-суроо: Кокустуктан кол-шыйрактардын сөөгү сынса, кандай биринчи жардам көрсөтүлөт?

Жооп:Сынган сөөккө шакшак коюп таъып, тезинен медициналык пунктка жеткирүү (же тез жардамды чакыртуу) керек.

 

6-тема. Өрт коопсуздугу.

 

45-суроо: Кокусунан өрт коркунуч учкуну пайда болсо, кандай чара колдонуу керек?

Жооп: Тезинен 101 телефон номерине өзүнүн фамилиясын, адресин айтып кабарлоо;

- окуу жайдын жетекчилерине билдирүү;

- жатаканада жашоочуларды (студенттерди, окуучуларды) алып чыгуу эвакуациясын жүргүзүү;

- өрт өчүрүүчү куралдарды пайдалануу.

--

46-суроо: Билим берүү уюмдарда өрт коопсуздук эрежелери жөнүндө эстеткичтери кайсы жерлерде илинет?

Жооп: 101 – телефон номеринин табличкасы менен өрт коопсуздук эрежелери жөнүндө эстеткич төмөндөгүдөй илинет:

- мугалимдер бөлмөлөрүндө;

- мастерскойлордо;

- лабароторияларда;

- физика, химия, информатика жана эмгек кабинеттеринде;

- дене тарбия жана актовый залдарда;

- имараттагы өрт өчүрүүчү инвентарлардын жанында;

- студенттик (окуучулар) жатаканаларында;

- коридор, этаждарда.

--

47-суроо: Имараттын ичинен алып чыгуучу минималдуу канча эвакуация болушу зарыл?

Жооп: Экиден кем эмес алып чыгуучу эвакуациянын болушу.

--

48-суроо: Өрт коопсуздук тосмого эмнелер кирет?

Жооп: Өрт коопсуздук дубалы жана материалдары өрткө (ысыкка) каршы туруштук берүүчү жабдыктар.

- сигнализация.

--

7-тема: Электр коопсуздугу.

 

49-суроо: Бөлмөлөрдө кандай электр аспаптары (шаймандары) колдонулбайт?

Жооп: Стандарттуу эмес жасалма электр менен жылытуучу аспаптарды (суу кайнаткыч, тамак бышыргыч ж.б.) колдонууга болбойт.

--

50-суроо: Кандай электр приборлорду колдонууга жана өз алдынча оъдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө болбойт?

Жооп: Бузук электр сайгычтарды жана күйгүзгүчтөрдү колдонууга болбойт. Ошондой эле өз алдынча электр сайгычтарын жана күйгүзгүчтөрүн оъдоого жана которууга таптакыр тыюу салынат.

--

51-суроо: Электр тогу менен иштөөдө жана андан сактанууда колдонуучу буюмдар кайсылар?

Жооп: Электр тогун өткөрбөөчү кол каптар, атайын кодонуучу өтүктөр, ток өткөрбөөчү килем (палас), ток менен иштөөчү буюмдар (кычкач, отверкалар ж.б) жана токтук күч чыъалууну жерге сиъирүүчү.

-- 

52-суроо: Электр тогуна урунгандын кандай негизги түрлөрү бар?

Жооп: Электр тогунун соккусу, зыянга дуушарлоо жана күйүккө алдыруу.

--

53-суроо: Электр тогуна урунган учурда кандай биринчи жардам көрсөтүлөт?

Жооп: Жабырлануучуну электр тогунан ажыратуу, кысылган кийимдерден денесин бошотуу, жасалма демалдыруу жана дарыгерди чакыруу.

--

54-суроо: Кандай элементтеги жабдыктарга токту жерге сиъирүүчү өткөргүч колдонулат?

Жооп: Адамдын денесине тийүүчү ток өткөрүүчү темирлерди жана технологиялык каркас жабдыктары.

--

Эскертүү:      Материалдардын жооптору жалпысынан КРнын Эмгек кодексине, КРнын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-февралындагы №64 токтому менен бекитилген «Өндүрүштүк бөөдө-кырсыктарды иликтөө жана эсепке алуу жөнүндө» жобого, КРнын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы №727 токтому менен бекитилген жобого жана КРнын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-апрелиндеги №225 токтому менен бекитилген жобого негизделген.