Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Методикалык жардам

Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарына семинар - тренинг

4-октябрда Панфилов районунда Тилебалиев атындагы жетим балдардын жана кароосуз калган балдардын жатак мектебинде билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитети тарабынан баштапкы кесиптик бирликтин жетекчилерине “Баштапкы кесиптик бирликтин иш кагаздарынын жүргүзүлүшү” темасында семинар - тренинг өткөрүлдү.

Семинар – тренингдин  жүрүшүндө Шейшеналиев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин баштапкы кесиптик бирлигинин төрайымы Б.Тулекулова иш кагаздары менен тааныштырды. Ал баштапкы кесиптик бирликтин аткарып жаткан иштери боюнча слайд көргөзүү менен кеңири баяндама жасап берди.

Бул семинарда баштапкы кесиптик бирликтин төрага, төрайымдары баштапкы кесиптик бирликтин негизги иш багыттары боюнча топторго бөлүнүп иштешип, презентациялашты.

Семинардын аягында билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Панфилов райондук комитетинин төрайымы А.С.Абдраимова кесиптик бирлик уюмдарында көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенгендерге жана көп балалуу энелерге белектерди тапшырды. Өз кезегинде баштапкы кесиптик бирликтин төрага, төрайымдары өз кесиптештерине тапшырышты.

 

 

 

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Панфилов райондук комитети