Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Методикалык жардам

Башкы максат кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн талаптарын аткаруу

2024-жылдын 24-январында  Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаевдин Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ысык-Көл областынын райондук, шаардык, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жана Балыкчы индустриялык-педагогикалык колледжинин кесиптик бирлик комитеттеринин төрага, төрайымдары менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугуушуда Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаев кесиптик бирликтин азыркы учурдагы абалы, алдыга койгон максаттар  жана  милдеттерге токтолуу менен төрагаларды кесиптик бирлик комитеттеринин ишмердүүлүктөрүн активдештирүүгө чакырды.                  

Төрага өз сөзүндө  кесиптик бирлик комитеттери социалдык өнөктөштөр райондук мамлекеттик администрациясы, шаардык мэриялар жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү менен түзүлгөн “Үч тараптуу макулдашуулардын аткарылышына шарттарын жетишүүнү жана көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылды. Кандайдыр бир жамааттык эмгек талаш-тартыштарды чечүүдө кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары кызматкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого алышы-кесиптик бирлик комитеттеринин башкы максаттарынын бири экенине токтолду. Ошондой эле социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча  баштапкы кесиптик бирлик уюмдарында да “Үч тараптуу макулдашуулар” түзүлүп, кызматкерлердин иштөө жана жашоо шартын жакшыртуучу талаптарды киргизүү сунуштары айтылды.  

Ошондой эле төрага А.Султанбаев маалымат иштерине да айрыкча көңүл буруу керек экендигин кошумчалап, кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин сайтына кесиптик бирлик комитеттери тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндөгү маалыматтарды жиберип турууну жана социалдык тармактардагы баракчалар аркылуу иштерди активдештирүүнү тапшырды.

Кесиптик бирликтин Борбордук комитети тарабынан “Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин ишмердүүлүгүн 2024-2029-жылдарга өнүктүрүү программасын” иштелип чыкты. Бул программа кандайдыр бир деңгээлде сиздер үчүн ишиңиздердеги  багыт берүүчү колдонмо болушу керек.  

Ар бириниздердин иштеген ишиңиздерге баа берүү максатында  областтык, райондук , шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин ишмердиктерин баалоо критерийлери иштелип жатат.

Кызматкерлердин жайкы эс алууларын уюштурууда анын жаңы формаларын колдонуу керек. Кесиптик бирликтердин райондук жана шаардык комитеттери өздүк бюджеттеринин эсебинен “Красная гвоздика” эс алуу борборуна, Ысык-Көлдүн жээгиндеги КР УИАнын “Илим”, Ж.Баласагын атындагы КУУнин  пансионаттарына жана биздин бюджетке ылайык болгон  пансионат, санаторийлер менен келишимдерди түзүп, кызматкерлердин эс алууларын жогорку деңгээлде уюштуруу максатында иштерди жүргүзүү тапшырылды.

Ошондой эле райшаардагы медициналык борборлор менен келишим түзүү да сунушталды.

“Профсоюздук” карточкаларын кесиптик бирликтин райондук жана шаардык комитеттери тарабынан чыгарып, кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу максатында баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын ар бир мүчөлөрүнө таратуу, бул да мүчөлөрүбүздүн ден соолугун чыңдоого көрүлгөн камкордуктун бири болуп калмакчы.

Кесиптик бирликтин райондук, шаардык комитеттеринин төрагаларына баштапкы кесиптик бирлик уюмдары менен иштөөнү активдештирүү, ар бир баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын мүчөлөрү менен жеринде жолугушууларды уюштуруу, азыркы учурдагы көйгөйлөр боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү талабы коюлду. Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын алмашуулары көп болуп жаткандыктарына байланыштуу төрагалар үчүн кварталына бир жолу тегерек стол, окутуу-семинарларын уюштуруу, кесиптик бирликтин учурдагы абалы, максаты жана милдеттери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө көңүл бурулушун баса белгиледи.  

Жолугушуунун соңунда төрага А.Султанбаев ушундай алгылыктуу иштерди райондук, шаардык комитеттер да колго алуу керектиги баса белгилөө менен кесиптик бирлик комитеттеринин төрагаларын жогоруда айтылган  меселелерди чечүү багытында демилгелүү иштерди алып барууга чакырды.

 

 

Маалыматты даядаган: Кессиптик бирликтин Борбордук комитети