Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Жыл жыйынтыктаган жыйын

2021-жылдын 23-декабрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиумунун жыйыны болуп өттү. Президиумга Борбордук Комитеттин президиумунун мүчөлөрү, Борбордук Комитеттин пленумунун мүчөлөрү, профсоюздун областтык, шаардык, райондук комитеттеринин төрагалары жана Борбордук Комитеттин аппаратынын жооптуу кызматкерлери катышты.

Президиумдун жыйынын кириш сөз менен Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Т.Токтогулов ачты.

Президиумдун жыйынынын күн тартиби жана регламенти бекитилди.

Президиумдун жыйынында төмөнкү маселелер каралды:

  1. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун VII съездинен кийинки пленумдарынын жана  президиумдарынын токтомдорунун тармактык профсоюз  комитеттери тарабынан аткарылышы жөнүндө.
  2. Республиканын ден соолукту чыңдоочу жайларында кызматкерлердин 2021-жылы жайкы эс алууларын уюштуруу жана профсоюздун областтык, райондук, шаардык комитеттеринин бул багыттагы иштерин координациялоо жөнүндө.
  3. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин профсоюздун мүчөлүгүнө мотивациялоо боюнча иш тажрыйбасы жөнүндө.
  4. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин 2021-жылдагы иштеринин жыйынтыктары жана 2022-жылга милдеттери жөнүндө.                                                                                 
  5. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин ишмердигинин 2022-жылга карата перспективдүү иш планы жөнүндө.
  6. «Эмгекти коргоо боюнча коомдук инспекторлор жөнүндө Жобону» бекитүү тууралуу.
  7. Профсоюз комитеттеринин жаңыдан шайланган төрагаларын бекитүү жөнүндө.
  8. "Мыкты жамааттык келишим. Үч тараптуу макулдашуу" республикалык кароо-сынагынын жыйынтыгын чыгаруу жөнүндө.
  9. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин 2021-жылга карата Ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө.                                                                                    
  10. Ар кандай маселелер.

10.1. Кыргыз Республикасынын билим берүү  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасынын эстелик кол сааты менен сыйлоо жөнүндө.

10.2. Маараке ээлерин куттуктоо.

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча “Кыргыз Республикасынын  билим берүү жана илим  кызматкерлеринин профсоюзунун VII съездинен кийинки пленумдарынын жана  президиумдарынын токтомдорунун тармактык профсоюз  комитеттери тарабынан аткарылышы жөнүндө” Борбордук Комитеттин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Э.Кулназарова, күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча “Республиканын ден соолукту чыңдоочу жайларында кызматкерлердин 2021-жылы жайкы эс алууларын уюштуруу жана профсоюздун областтык, райондук, шаардык комитеттеринин бул багыттагы иштерин координациялоо жөнүндө” Борбордук Комитеттин финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Абикова билдирүүлөрдү жасашты.

Жыйын “Билим берүү  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин профсоюздун мүчөлүгүнө мотивациялоо боюнча иш тажрыйбасы жөнүндө” Баткен обкомунун төрагасы З.Бөтөковдун билдирүүсүн укту.                                                                         

Күн тартибиндеги төртүнчү маселе боюнча “Кыргыз Республикасынын билим  берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Борбордук Комитетинин 2021- жылдагы иштеринин жыйынтыктары жана 2022-жылга милдеттери жөнүндө” Борбордук Комитеттин төрагасы А.Токтогулов доклад жасады (доклад БКнын сайтына жарыяланат).

Күн тартибиндеги бешинчи маселе боюнча президиум “Кыргыз Республикасынын билим берүү  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин ишмердигинин 2022-жылга карата перспективдүү иш планы жөнүндө” маселени талкуулады жана бекитти.

Күн тартибиндеги алтынчы маселе боюнча президиумда Борбордук Комитеттин укук жана башкы техникалык эмгек инспектору Б.Кадыркулов «Эмгекти коргоо боюнча коомдук инспекторлор жөнүндө Жобо» менен тааныштырды.

Президиум билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр шаардык комитетинин кезексиз пленумунун шаардык комитеттин төрайымы кылып Үтүрбаева Мария Төлөгөновнаны шайлоо жөнүндөгү 2021-жылдын 8-октябрындагы №1 протоколун, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын  отчеттук кайра-шайлоо конференциясынын Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын профсоюз комитетинин төрагасы кылып Кочкоров Сманалы Барпиевичти шайлоо жөнүндөгү 2021-жылдын  11-ноябрындагы №1 протоколун, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профсоюз уюмунун XXXIV отчеттук кайра-шайлоо конференциясынын И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин бириккен профсоюз комитетинин төрагасы кылып  Догдурбек Назарды шайлоо жөнүндөгү  2021-жылдын 13-декабрындагы №1   протоколун жана алардын ыйгарым укуктарын бекитти.

Жыйында тармактык профсоюздун Борбордук Комитети 2021-жылга жарыялаган "Мыкты жамааттык келишим. Үч тараптуу макулдашуу" республикалык кароо-сынагынын жыйынтыгын чыгаруу жөнүндө” маселе каралды жана анын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Атайын диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты: Гран при - профсоюздун Жалал-Абад областынын Сузак райондук комитети (төрагасы А.Орозалиев), 1-орун - Ж.Баласагын атындагы КУУ бириккен профсоюз комитети (төрагасы К.Жумабеков), 1-орун - профсоюздун Баткен областынын Баткен шаардык комитети (төрайымы  М.Калыкова), 2-орун - профсоюздун Чүй областынын Токмок шаардык комитети (төрайымы Д.Жумалиева), 2-орун- профсоюздун Ош областынын  Өзгөн райондук комитети (төрагасы И.Мырзамидинов), 3-орун-К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл  мамлекеттик университетинин бириккен профсоюз комитети (төрагасы К.Алымбаев), 3-орун профсоюздун Жалал-Абад областынын Ноокен райондук   комитети (төрагасы К.Нышанов), 3-орун-профсоюздун Жалал-Абад областынын Жалал-Абад шаардык комитети (төрагасы М.Мамасадыков).

Кароо-сынакка активдүү катышкандыгы үчүн атайын диплом  жана баалуу белектер менен сыйланышты: профсоюздун Чүй областынын Аламүдүн райондук комитети (төрайымы Б.Намазбекова),  профсоюздун Ысык-Көл областынын Балыкчы шаардык комитети (төрагасы Н.Абдраимов),  профсоюздун Жалал-Абад областынын  Базар-Коргон райондук комитети (төрагасы С.Жаркымбаев), профсоюздун Талас областынын Талас райшаардык комитети (төрайымы Ф.Батырбаева), профсоюздун Чүй областынын Панфилов райондук комитети (төрайымы А.Абдраимова),  Ош мамлекеттик университетинин бириккен профсоюз комитети (төрагасы А.Саттаров), академик М.М.Адышев атындагы ОшТУнун бириккен профсоюз  комитети (төрага У.Мамытов).

Кароо-сынакка активдүү катышкандыгы үчүн атайын диплом  жана төраганын кол сааты менен сыйланышты: Ош областынын Кара-Суу районундагы  №77 Хамза атындагы орто мектебинин   баштапкы профсоюз уюму (төрайымы Д.Искандарова), Баткен областынын Баткен районундагы М.Салихов атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюз уюму (төрайымы Ж.Жороева), Ош областынын  Ноокат районундагы Төрөбай Бекиев атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюз уюму (төрайымы Г.Жумантаева), Нарын областынын Ат-Башы районундагы Курманалиев Анапия атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин профсоюз уюму (төрайымы Б.Бекташова), Талас областынын Кара-Буура районундагы Эшенаалы уулу Сейитбек атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюз уюму (төрайымы У.Сыдыкова), Чүй областынын Токмок шаарындагы №2 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин баштапкы профсоюз уюму (төрайымы М.Коновалова).

Кароо-сынакка катышкандыгы үчүн дипломдор менен сыйланышты: профсоюздун Чүй областынын Кемин райондук комитети (төрайымы А.Чылабаева), профсоюздун Чүй областынын Сокулук райондук комитети (төрайымы А.Качкынбаева), профсоюздун Чүй областынын Чүй райондук комитети (төрагасы С.Наматов), Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин бириккен профсоюз комитети (төрагасы М.Дильдаев), Чүй областынын Токмок шаарындагы балдардын-өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борборунун баштапкы профсоюз  уюму (төрайымы Ю.Якушева).

Президиум мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын билим берүү  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин 2021-жылга карата Ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө” маселени карашты жана ал Ардак наамдарды ыйгаруу тууралуу чечим кабыл алышты.

Ардак наамдардын ээлери төмөнкүлөр болушту:

“ЖЫЛДЫН БАКАЙЫ” - АБДРАИМОВ Нурлан Кутманович -  профсоюздун Балыкчы шаардык комитетинин төрагасы, “ЖЫЛДЫН ДАТКА АЙЫМЫ” - ЖАНУЗАКОВА Айсулуу Ашимовна - И.Раззаков атындагы КТУнун Токмок шаарындагы  академик Х.А.Рахматулин атындагы филиалынын профсоюз комитетинин төрайымы,  “ЖЫЛДЫН МЫРЗАСЫ” - БЕРДИЕВ Авазбек Турабаевич - профсоюздун Лейлек райондук  комитетинин  төрагасы,  “ЖЫЛДЫН АЙЫМЫ” - ДРЯГИНА Ольга Геннадьевна - профсоюздун  Ош шаардык комитетинин башкы эсепчиси.

Борбордук Комитеттин президиумунун жыйынында ар кыл маселелер каралды, алардын ичинде айрым профсоюздук активисттерге Борбордук Комитеттин төрагасынын эстелик кол сааттары тапшырылды жана мааракелерин белгилешкен профсоюздун төмөнкү  кызматкерлерине :

  1. Исраилов Токтомуш Исраилович -Токтогул РПК төрагасы;
  2. Исмаилов Абдукахар Арапович - Жалал-Абад ОПК төрагасы;
  3. Мырзамидинов Ибраимберди Шамшиевич - Өзгөн РПК төрагасы;
  4. Дурусалиев Жакыпбай Тургуналиевич - Ала-Бука РПК төрагасы;
  5. Турдубаев Бактыбек Абдилатович – Араван РПК төрагасы;
  6. Ташмаматов Кубанычбек Парпиевич - Чоң Алай РПК төрагасына

куттуктоолор айтылып, куттуктоо папкалары жана   баалуу белектер тапшырылды.

Президиумдун жыйынында күн тартибинде каралган бардык маселелер боюнча тиешелүү токтомдор кабыл алынды.

Ушуну менен Кыргыз Республикасынын билим берүү  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Борбордук Комитетинин президиумунун жыйыны өз ишин аяктады.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Борбордук комитети