Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кесиптик бирлик комитети уюштурган «Нооруз 2019» майрамы

2019-жылдын 21-март күнү башкы имараттын алдындагы аянтчада КУУнун жамааты Кесиптик бирлик  комитетинин уюштуруусу жана демөөрчүлүгү менен  Нооруз майрамын жагымдуу маанайда  белгилешти. Умай эне арча түтөтүп, салтанаттын катышуучуларын аластагандан кийин, Улуттук университеттин окутуучу, кызматкер жана студенттерин жаз майрамы менен окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров жана бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков куттукташты.

Бул жылкы Нооруз майрамы Кесиптик бирлик комитети тарабынан Президент Сооронбай Жээнбеков жарыялаган "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына" арналып, "Өнүккөн регион - күчтүү өлкө" аталышындагы фольклордук-этнографиялык фестиваль түрүндө өттү. Фестивалды уюштуруудагы Кеситик бирлик комитетинин башкы бирден бир максаттарынын бири университеттеги окуу имараттарынын ич ара ынтымагын бекемдөө, кызматкерлердин чыгармачылык шыктарын дагы да болсо арттыруу, достукту бекемдөө.  Ошондой эле жалпы биримдикте улустун улуу майрамын белгилөө.

Иш чаранын алкагында университеттеги 21 факультет 7 командага бөлүнүп, "Музыкалык чыгармачылык", "Региондогу тамак аш" жана "Кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү" деп аталган тапшырмаларды аткарышты. Областтарды төмөндөгү командалар көрсөтүштү:

  • Баткен областы: 6А-окуу имаратында жайгашкан педагогика факультети менен колледждердин курама командасы
  • Жалал-Абад областы: 5-окуу имаратында жайгашкан кыргыз филологиясы, орус жана славян филологиясы, социалдык-гуманитардык илимдер факультеттеринин курама командасы
  • Ысык-Көл областы: 8-окуу имаратында жайгашкан экономика, башкаруу жана бизнес, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультеттеринин курама командасы
  • Нарын областы: башкы окуу имаратында жайгашкан тарых жана чөлкөм таануу, журналистика, эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу, кыргыз-европа факультеттеринин курама командасы
  • Ош областы: 2-окуу имаратында жайгашкан юридика факультети менен 3-окуу имаратында жайгашкан чет тилдер факультетинин курама командасы
  • Талас областы: 6-окуу имаратында жайгашкан математика жана информатика; физика жана электроника; география, экология жана туризм; биология; химия жана химиялык технология факультеттеринин курама командасы
  • Чүй областы: 3-окуу имаратында жайгашкан кыргыз-кытай факультети менен 7-окуу имаратында жайгашкан кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин курама командасы.

Сынактын тапшырмаларына төмөндөгү инсандардан турган калыстар тобу баа берди:

  • Бедел Кадыркулов - билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин укуктук жана техникалык башкы инспектору (төрага)
  • Садык Алахан (Тиллебаев) - мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча боюнча проректор
  • Гүлнара Абакирова - окуу бөлүмүнүн башчысы
    Рысхан Абдрахманова - башкы бухгалтер
  • Майя Джаилканова - китепкананын директору
  • Рустиван Токтоналиев - укуктук бөлүмдүн башчысы
  • Болот Чегебаев - художник-дизайнер
  • Айгүл Жайнакова - кадрлар бөлүмүнүн башчысы
  • Бермет Кабылбек кызы - каржы-пландоо бөлүмүнүн экономисти
  • Асель Сартпаева - профкомдун студенттер менен иштешүү боюнча башкы адиси
  • Алымкул Мамырбай уулу - КУУнун вокалисти, “Музаман” тобунун солисти.

Калыстардын бир тобу кол өнөрчүлүк жана улуттук тамак-аштарга баа берсе, экинчи тобу фольклордук-музыкалык чыгармаларды баалашты.

Үч сааттан ашыкка созулган майрамдык салтанаттын жүрүшүндө командалар тиешелүү областтардан чыккан белгилүү инсандардын образын, региондогу каада-салттарды, албетте ыр-бийлерди жана башка кызыктуу номерлерди көрсөтүштү. Көрүүчүлөр чарчамак тургай, өздөрү кошулуп ырдап, бийлеп, кесиптештерин кызуу колдоп турушту.

Фестивалдын соңунда калыстар тобу өз чечимин чыгарып, орундар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

  • 1-орун: Ысык-Көл областы (8-окуу имаратындагы факультеттер)
  • 2-орун: Нарын областы (башкы имараттагы факультеттер)
  • 3-орун: Баткен областы (6А-окуу имаратындагы 
    факультеттер).

Жеңүүчүлөргө  Кесиптик бирлик комитети тарабынан тиешелүү даражадагы дипломдор жана 15 миң, 10 миң жана 5 миң олчөмүндөгү акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө о.э. таш көтөрүү, армрестлинг, аркан тартуу боюнча аталган командалардын арсында мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кесиптик бирлик комитети уюштурган «Нооруз 2019» майрамына арналган "Өнүккөн регион - күчтүү өлкө" аталышындагы фольклордук-этнографиялык фестивалга жалпы катышуучулар, көрүүчүлөр ыраазычылыктарын айтышып, КУУнун жамааты эӊ мыкты деӊгээлде болгонун баса белгилешти.

 




 

Материалды даярдаган:

Асель Сартпаева