Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Жогорку билимдүү педагогдордун эмгек акысы

«бакалавр» жана «магистр» даражаларына ылайык төлөнөт

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетине педагогикалык кызматкерлер алардын «магистр» диплому болгондугуна карабастан эмгек акылары «бакалавр» катары бааланып, төлөнүп жаткандыгы жөнүндө кайрылышууда. 

Тилекке каршы, педагогикалык кызматкерлердин айлык акысын эсептөөдө мындай көрүнүштөр орун алгандыгы жашыруун эмес, натыйжада бул мугалимдердин айлык акысынын аз эсептелинишине алып келүүдө.  

Буга байланыштуу Борбордук комитет Кыргыз Республикасындагы жогорку билим жана дипломдордун үлгүлөрү тууралу төмөндөгү маалыматтарды билдирет:

  • 1) Жогорку педагогикалык билим жөнүндө дипломдо (анын ичинде советтик үлгүдөгү дипломдордо) тиешелүү адистик боюнча квалификация жазылат (мисалы: мугалим, тренер ж.б.) жана адатта окуу мөөнөтү кеминде 4-5 жылды түзөт.

     Мындан тышкары 1990-жылдардын аягында жана 2000-жылдардын башында берилген дипломдордо "сертификатталган адис" деген термин да колдонулган.

  • 2) Бакалар даражасын даярдоо программасы боюнча университетте окуунун стандарттуу мөөнөтү 4 жылдан кем эмес. Диплом тиешелүү багытта (мисалы, «Педагогика» багыты боюнча) бакалавр даражасы дайындалганын көрсөтөт.
  • 3) Магистратура программасы үчүн университетте окуунун стандарттуу мөөнөтү жогорку билимдин базасында 2 жылдан кем эмес. Окуунун аякташы менен бул дипломдо тиешелүү багыт боюнча магистратура даражасы (мисалы, «Педагогика» багыты боюнча) көрсөтүлөт.

Көпчүлүк учурларда билим берүү уюмдарында эмгектенген кызматкерлердин дипломуна тиешелүү багыт боюнча бакалавр же магистр квалификациясы ыйгарылды деп так жазылып көрсөтүлөт. 

Ал эми кээде кызматкерлердин жогорку билими жөнүндөгү дипломунда бакалавр же магистр деп аныкталбастан жөн гана анын адистик квалификациясы көрсөтүлгөн учурлар дагы кездешет.

Мындай учурларда  бул адистердин эмгек акысы магистр диплому бар кызматкерлердин маянасына тенештириле тургандыгы жөнүндө КР Билим жана илим министрлигинин расмий түшүндүрмөсүндө айтылган.

Педагогикалык кызматкерлердин эмгек акысы КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №181-токтому менен бекитилген “Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө” ЖОБОго ылайык эсептелинет.

Бул жобонун 1-тиркемесинде эселөө коэффициенттери төмөндөгүдөй берилген:

_______________________________________________________________________________________

 

 

            Кызмат орундун аталышы

 
 
 

1

1-4-класстардын мугалимдери, окутуучулары

 

2

5-11-класстарынын жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын жалпы билим берүү дисциплиналарынын мугалимдери, окутуучулары

 

3

Информатика, математика, физика, химия жана биология боюнча 5-11-класстарынын жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын жалпы билим берүү дисциплиналарынын мугалимдери

 

_______________________________________________________________________________________

Мугалимдин, окутуучунун ставкасына эселөө коэффициенти, билимине жараша:

Жогорку билим

бакалавр квалификациясын ыйгаруу менен

адис/магистр квалификациясын ыйгаруу менен

2,451

2,722

2,042

2,268

2,451

2,722

______________________________________________________________________________________

 

Тиркемеде аныкталгандай “бакалавр” жана “магистр” дипломдорунун ээлерине тишелүү эселөө коэффициенттери сабактардын предметине жараша бир топ айырмаланат.

Демек, КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети эмгек акыны эсептөө боюнча тиешелүү иш кагаздарда  педагогикалык кызматкерлердин  дипломдорунун туура эске алынышын көзөмөлдөө райондук, шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин негизги милдети экендигин  эскертет.     

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтик борбордук комитети