Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Жаздын жана Эмгектин улуу майрамы кут болсун!

Урматтуу билим берүү жана илим кызматкерлери!

Ардактуу кесиптик бирлик мүчөлөрү!

Сиздерди Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү,

Жаздын жана Эмгектин улуу майрамы 1-Май майрамыңыздар менен куттуктаймын!

Биринчи май - эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү. Биринчи май күнү жыл сайын жумушчулардын демонстрациясын өткөрүү жөнүндө чечим 1889-ж. июлда 2-Интернационалдын Париж конгрессинде кабыл алынган. Конгресс эмгек шарттарын жакшыртуу, жумуш күнүн 8 саатка чейин кыскартуу талабын коюп, бүткүл дүйнөдөгү жумушчулардын күчүн бириктирүү максатын колдоп, 1886-ж. Биринчи майда демонстрация жана иш таштоо уюштурушкан Чикаго (АКШ) шаарынын жумушчуларына тилектештигин билдирген. Эл аралык майрам катары алгачкы жолу 1890-ж. Австрия-Венгрия, Бельгия, Германия, Дания, Испания, Италия, АКШ, Россия, Норвегия, Франция, Швеция жана башка өлкөлөрдө (Улуу Британияда 4-май 1890-ж.) өткөрүлгөн. 1917-жылдагы Февраль революциясынын жеңишинен кийин Россияда биринчи май эркин белгиленип, көчөлөргө миллиондогон эмгекчилер «Бардык бийлик Советтерге!» деген ураан менен чыгышкан. СССРде биринчи май тынчтык жана элдердин ортосундагы достук майрамы катары майрамдалып, 1-май 1918-ж. РСФСРдин, 2-май 1928-ж. 23-апрелде СССР БАКтын чечими менен дем алыш күнү деп жарыяланган. Кыргызстанда 1917-ж. биринчи май Эркиндик күнү деп аталып, Ош, Пишпекте, Кызыл-Кыя, Сүлүктү көмүр кендеринде митинг, манифестациялар өткөрүлгөн.

Эмгек - бул жашоонун негизи. Эмгекчилерди бириктирүү үчүн жаралган бул майрам азыр да бизге оптимизм берип, бүтүндүн бир бөлүгү, коомдун, анын тарыхынын ажырагыс бөлүгү катарында сезүүгө мүмкүндүк берет. Адам өз эмгегинен ырахат алып, өз ийгиликтери менен сыймыктанганда гана анын жашоосу толук жана гармониялуу болот. Жигердүү, чыгармачыл, көңүлдүү эмгек жашоонун чыныгы маңызы менен толтурат. Эмгекти сүйгөн жана эмгектене алган адам гана чыныгы бактылуу боло алат. Күчүбүздү, билимибизди жана жөндөмүбүздү эмгекке жумшап, бардыгыбыз чогуу жана ар бир эмгекчи өз алдынча өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн жана күч-кубаты үчүн салымыбызды кошобуз.

Биздин билим берүү жана илим тармагында эмгектенип жаткан кызматкерлерибиз мезгилдин мындай чакырыктарына жогорку кесипкөйлүк менен эмгектенүү аркылуу гана жооп беришпестен, ошол эле учурда адамзаттын улуу сапаттарынан болуп саналган эрктүүлүктү, тартипти, кажыбас кайратты, чыдамкайлыкты дагы көрсөтүп келе  жатышат.

Бүгүнкү эмгегибиз менен келечекти курабыз. Балдарыбыздын бактылуу жана бакубат жашоосу биздин күч-кубатыбызга жана иш-билгилигибизге байланыштуу. Эң башкысы – өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн аракетибизди бириктирип чогуу эмгектенүү болуп саналат.

Билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлерди жана ардактуу кесиптик бирлик мүчөлөрүнө чыгармачыл шыктануу, жагымдуу маанай, улуу жаратмандыктарды, сак-саламаттыкты, жан дүйнөдөгү бейпилдикти жана шайкештикти, сүйүүнү жана болуп көрбөгөндөй бакыт-таалайды каалайм!

Ишиңиздер сиздерге дайыма кубаныч алып келсин жана үй-бүлөңүздөрдүн татыктуу жашоосун камсыз кылсын деп чын дилимден тилектешмин.

 

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим
кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин
борбордук комитетинин төрагасы                                               А.Токтогулов