Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Жаңы төрага шайланды

2016-жылдын 8-апрелинде билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Аксы райондук VI отчеттук кайра шайлоо конференциясы уюшкандыкта өткөрүлдү.

     Отчеттук мезгил ичинде аткарылган иштер боюнча доклад менен райкомдун төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Камчыбеков Сагынбек, ал эми текшерүү комиссиясынын отчеттук доклады менен анын төрагасы Момунов Жапаралы чыгып сүйлөштү.

      Докладдарды талкуулоого 7 адам катышып, райкомдун отчеттук мезгил ичинде жүргүзгөн иштерин канааттандырарлык деп табышты.

       Райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Зыябекова Угулай Медетбековна профсоюздун бүгүнкү күндөгү орду жана ролу, райкомдун аткарган иштерине баа берүү менен бирге орун алган айрым мүчүлүштүктөрдү кетирбөө, айкындуулук, профсоюз мүчөлөрүнүн биримдигин көтөрүү сыяктуу маселелерге басым жасады.

       35 адамдан турган райкомдун курамы бекитилди.

       Кезек райкомдун төрагасын шайлоого жетти. Төрагалык кызматка 5 талапкер көрсөтүлүп, шайлоо жабык добуш берүү менен өттү.

       Конференцияга катышкан 119 делегаттын 75 райкомдун төрагасынын милдетин убактылуу аткарып келген Камчыбеков Сагынбекке добуш беришти.

       Ал конференциянын №1 токтому менен профсоюздун Аксы райкомунун төрагасы болуп шайлангандыгы жарыяланды.

       Конференцияда билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Жалал-Абад обкомунун төрагасы Мурзакматов К.С. кеңири сөз сүйлөп, делегаттардын бир катар суроолоруна жооп берди.

   Обкомдун уюштуруу бөлүмү.

         Камчыбеков Сагынбек  1954 – жылы 15 – августта Жаңы – Жол  районундагы  Калинин селсоветинде   төрөлгөн. Улуту – кыргыз, билими – жогорку,  адистиги география  мугалими,  стажы – 40 жыл,  үй – бүлөлүү.

         1972 – жылы Ош мамлекеттик  педагогикалык  институтунун  музыкалык  педагогикалык  факультетине тапшырып,  аны 1976 -жылы ийгиликтүү   аяктаган  соң  Ленин районундагы   №30  Кызыл –Жар (азыркы  С.Шатманов)  атындагы орто мектепте мугалим болуп иштеген.  Андан соң,  ушул эле мектепте  1980 –жылдын 15 – августунан баштап 1990 – жылдын  15 – мартына чейин  окуу бөлүмүнүн башчысы, кийин класстан тышкаркы иштер боюнча   уюштуруучу  болуп  иштеген.

          1996 – жылдын   16 – мартынан ушул  убакытка чейин   Аксы  районуна караштуу  Н.И.Мешков   атындагы  №34 –гимназия класстары бар жалпы билим берүүчү орто мектепте  директор болуп   эмгектенип келүүдө.

         2003 – жылы  Кыргыз  Республикасынын «Эл агартуусунун  отличниги», 2013 –жылы «Билим берүү жана  илим   профсоюзунун  отличниги»  - деген  төш белгилерге татыктуу болгон.

       Айылдык кеңештин  төрт  жолку  чакырылышынын  депутаты,      учурда Ш.Назаралиев  атындагы  айылдык  кеңешинин V чакырылышынын  төрагасы  болуп шайланган.

        Ага Аксы районунун  «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган.

       Алты баланын атасы, неберелерди өстүрүп жаткан чоң ата жана таята.

       Жаштардын насаатчысы.