Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Жаңы жылыңыздар менен!

 

Урматтуу билим берүү кызматкерлери,

кирип келген жаны жылыңыздар менен!


    КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитеттин президиумунун мүчөлөрүнүн, аппараттын кызматкерлеринин жана жеке өзүмдүн атымдан тармактык кесиптик бирликтин бардык мүчөлөрүн, коомдук уюмубуздун ардактуу эс алуудагы ардагерлерин жана социалдык өнөктөштөрүбүздү жаркырап кирип келген 2024-жыл Жаңы жыл майрамы менен ак дилимден куттуктаймын!

Жаңы жыл – эң сүйүктүү жана жаркын майрамдардын бири. Бул майрам баарыбызды жалпы үмүттөр, тилектер жана келечектеги умтулуубузга болгон тилектештигибизди бириктирип келген майрам.

Жаңырган жылда мурдагыдан жакшылыктар көп, иштерибиз ийгиликтүү, жеңиштер арбын болот деген зор үмүттөр ар бирибиздин дилибизде терең уялайт.

Биздин Борбордук Комитет жана анын жер-жерлердеги органдары кесиптик бирлик мүчөлөрүбүздүн татыктуу эмгек менен камсыз болуусу, аткарган иштерине карата мезгил талабынан калышпаган эмгек акыларды алуусу, эмгектенүү жана жашоо шарттарын жакшыртуу, тармактык кесиптик бирликтин маалыматтык камсыздалышын өркүндөтүү, жаштар саясатын кеңири жайылтуу, мүчөлүк уюмдардын уюштуруу-финансылык биримдигин бекемдөө, эл аралык кесиптик бирлик кыймылга кошулуу багыттарында алгылыктуу жана ырааттуу иш алып келе жатабыз. Мындай эмгек адамдарына арналган ишмердүүлүктөр мындан ары да улантылмакчы.

Урматтуу мугалимдер жана жалпы билим берүү кызматкерлери, алдыдагы келе турган 2024-жыл өткөн жылдагы бардык кыйынчылыктарды жана көйгөйлөрдү артка калтырып, өнүгүп-өсүүнүн жана жаңыруунун жаңы барактары ачылган жылдардан болсун!

Биздин ар бирибизге жана тармактык кесиптик бирликке жаңы максаттарды алдыга коюп, аларды аткарууга албан күч-кайрат берсин, кесиптик бирлик мүчөлөрүбүздүн жашоолорун жакшыртууга багытталган иштерибизди ийгилик коштосун, кесиптик бирликтин биримдиги бекем жана түбөлүктүү болсун!

Жаңырган жыл ар бирибиздин үйүбүзгө бейпилдик жана кубаныч алып келсин!

 

Дагы бир жолу жаңырган Жаңы жылыңыздар менен!

 

 

Кыргыз Республикасынын билим жана

илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин

Борбордук комитетинин төрагасы,профессор                                                 А. Токтогулов