Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ЖАӉЫ ЖЫЛДЫК КУТТУКТОО

 

Урматтуу кесиптештер!

 

Өлкөбүздүн билим берүү жана илим тармактарынын жалпы кызматкерлерин жана биздин тармактык профсоюзубуздун бардык мүчөлөрүн аалам алкагында  жыл тоголушунун символу  болгон Жаңы жыл майрамыңыздар менен профсоюздун Борбордук Комитетинин жана жеке өзүмдүн атымдан ак ниет, таза пейил жана  чын дил менен  куттуктаймын жана  бул майрам Сиздердин үйүңүздөрдө жана жумушуңуздарда жаңы кубанычтардын, ийгиликтердин жана жаңылануунун, таза жана аруу максаттарыңыздардын орундалышын алып келген жакшылыктардын башаты болсун деген аруу тилегимди жиберемин.

Эгемен мамлекетибиз  Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков тарабынан жарыяланган 2018-Региондорду өнүктүрүү жылын калайык-калктын амандыгы, ынтымагы жана биримдиги менен экономикалык жана социалдык өсүүлөр аркылуу ак жол каалап, аруу тилек айтуу менен узатып олтурабыз. Бизди өлкөбүздүн түндүгүнүн эл аралык деңгээлде бекемделгени, эл-журтубузду жакшылыктар арбын ыроологону жана жети дубан кыргыз элинин кылкылдаган кызыл туубуздун алдында бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгара алга кадам таштап баратканы терең кубандырат жана келечекке зор үмүт таштайт.           

Ар дайым кең пейил жана меймандос кыргыз босогосуна кирип келаткан 2019-жылыбыз да акжолтой, берекелүү жана өсүү жылынан болот деген зор ишенич баарыбыздын жүрөгүбүздүн түпкүрүнөн орун алганы өтө маанилүү, ал бизге бекем ишенич жана албан күч берет. Кирип келаткан жылда биздин профсоюзубуз өз мүчөлөрүбүздүн социалдык-экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, социалдык өнөктөштөр менен пайдалуу жана максаттуу кызматташтыкты жүргүзүү, эл аралык профсоюздук тилектештикти колдоо боюнча ырааттуу иштерибизди дагы тереңдете жана уланта бермекчибиз.

Урматтуу биздин профсоюзубуздун мүчөлөрү!

Сиздерге 2019-жылда ийгиликтерге карай телегейи тегиз жана бакубат даңгыр жолдорду, ачык максаттарды жана келечектүү ойлорду, өчпөстөн тутанып турган күчтөрдү жана жамааттарыңыздардагы ажырагыс ынтымакты, үй-бүлөңүздөргө мелт-калт бакты-таалайды жана үстөл үстү ийилип турган дасторконду каалаймын. Ааламдын бермети аталган Ала-Тообузду   ар дайым тынчтык жана ырыскы, ал эми ак калпак элибизди токчулук жана биримдик ыроолосун. Жаңы жылда Сиздерге бардык жакшылыктар жар болсун!

           

 

 

Урматтоо менен, 
Асылбек Токтогулов-Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы

 

 

 

 

 

Уважаемые коллеги!

 

От имени аппарата Центрального комитета профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики и от себя лично поздравляю Вас с наступающим Новым годом!

Новый год – праздник волшебства, всеми любимый и всеми ожидаемый. Он всегда несет в себе надежду на лучшее, надежду на хорошие перемены.

Несомненно, уходящий год 2018 год, объявленный Президентом страны С. Жээнбековым Годом развития регионов, был насыщенным и плодотворным, он наполнил нас жизненной мудростью и силой, принес много хороших перемен в социально – экономическом развитии, укреплении международных отношений республики, но так же были и огорчения. Поэтому не стоит забывать о том, чтобы не произошло в прошлом году – оно уже прошло, и Новый 2019 год - хороший повод и возможность начать сначала: последовательные требования увеличения уровня заработной платы работников образования и науки, обеспечения льготами и гарантими педагов совместно с нашими социальными партнёрами, развитие международных профсоюзных отношений.

И пусть с Новым Годом приходит только всё самое новое, свежее, радостное.

Примите сердечные пожелания здоровья, благополучия, счастья и процветания Вам и Вашим семьям, успехов во всех начинаниях, достойных социальных партнёров, высокой работоспособности, чётких целей в работе и перспективных идей.

Отличного настроения и веселых Новогодних праздников!

 

 

 

С наилучшими пожеланиями,

председатель

ЦК профсоюза работников образования и науки КР                            А. Токтогулов.