Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Жаштардын келечегине дем-күч берген агай

Өзүнүн “Япон кереметинин сырлары”, “Ант”, “Бир гана сен” аттуу чыгармалары менен жаштар арасында кеңири таанымал болгон жазуучу, журналист Нуржигит Кадырбеков Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун сыйлуу коногу болду.

Нуржигит агай студенттерибизге коомдогу баалулуктар, Япония жана АКШдагы студенттик жашоосундагы тажрыйбалары менен бөлүштү. Студенттердин көңүл чордонун жандуу туткан агайдын кеңештерин студенттер чымындын учканы угулгандай тынчтыкта кунт коюп угушту. Аз жана саз болгон жолугушууда студенттер мекенге болгон сүйүүсүн арттырып, келечекке болгон аракеттерине дем күч алып кетишти. Жыйналыш залды толтура отурган студенттер бирин аркасынын бири кызыккан суроолорун узатып жатышты.