Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Жардам бергендерге терең ыраазычылык

Чек ара кагылышуусунан  жабыр тарткан Лейлек, Баткен райондорунун жана Баткен шаарынын жапа чеккен  билим берүү кызматкерлерине өз убагында ар тараптан колдоо көрсөткөндүктөрү  үчүн  Кыргыз Республикасынын  Билим берүү жана илим министрлигине, билим берүү бөлүмдөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  Борбордук комитетине, анын областтык, райондук, шаардык комитеттерине Баткен областындагы билим берүү  кызматкерлеринин жана областтык кесиптик бирлик комитетинин атынан терең  ыраазычылык  билдиребиз.

Ушундай оор мезгилде билим берүү кызматкерлеринен кабар алып, жерине барып, көңүл сурап материалдык, моралдык жактан колдоо көрсөтүп, дем бергениңиздерге Баткен областынын билим берүү кызматкерлери терең ыраазы.

Маалыматты даярдаган: Баткен областтык КБКнын адиси К.Акимов