Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Жалал-Абад областтык комитетине ыраазычылык!

“Санарип  педагог-2021” кароосунун жеңүүчулөрү кесиптик бирликтин областтык  комитети тарабынан санаторияларга ден-соолугун  бекемдөөгө,  эс алууга жолдомолор менен сыйланды.

Ноокен  районунан  Ашырбекова  Рахат,  Тогуз-Торо  районунан  Бейшеева  Зарина, Таш-Көмүр   шаарынан  Мамытова Буйсара  “Жалал-Абад”  санаториясына, Жалал-Абад  шаарынан  Джоробаева  Нургул  жана Сузак  районунан  Орозалиева Элвира “Ыссык-Ата”   санаториясына дем  алып,  ден соолукту чыңдоого мүмкүнчүлүк алдык.

Санаторияда  эс  алуу  менен  бирге кооз,  тарыхый  жерлерде экскурсияларда да болдук. Бул  бизге  жаңы  окуу  жылында  демилгелүү  иштөөгө  дем,  күч кубат берет.

Биз областтык  “Санарип  педагог-2021” кароосунун   жеңүүчүлөрү  эмгектерибизди  татыктуу  баалаган  областтык  комитеттин төрагасы А.Исмаиловго ыраазычылык  билдирип, кесиптик  бирликтин иштерине  ийгиликтерди  каалайбыз.

 

Маалыматты  даярдаган: Сузак  районунун Темирбаев  атындагы  орто мектебинин мугалими Э.Орозалиева