Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Жайкы эс алуулар башталды

2023-жылдын 8-июнунда КР Билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети тарабынан уюштурулган Ысык-Көл областынын Тоң районунун Тоң айылындагы “Кызыл Гвоздика” ден соолукту чыңдоо борборунда кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн жайкы эс алуулары башталды.

Ден соолукту чыңдоо борборуна  Нарын областынын Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы райондук жана Чүй областынын Жайыл райондук кесиптик бирлик комитеттеринин мүчөлөрү келишип, эс алуулары жогорку деңгээлде өтүүдө.

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин кызматкерлери тарабынан Нарын областтынын  райондук, шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары, эсепчилери жана кесиптик бирликтин Нарын райондук комитетинин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары үчүн окутуу-семинарлары өткөрүлүп, практикалык жардамдар көрсөтүлдү.

Кесиптик бирлик комитеттеринин мүчөлөрү ден соолуктарын чыңдоо менен бирге өздөрүнүн тиешелүү суроолоруна жоопторду алуу максатында кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин социалдык тармактардагы баракчаларына катталышты. 

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети