Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Ысык-Көлдөн Баткенге жардам

2-май күнү Каракол шаарынын  1-май көчөсүндөгү аянтка жаш балдардан баштап кары-картаң ата-апаларыбызга чейин азык-түлүк, жууркан төшөк жана башка күнүмдүк тиричиликке керектүү  буюмдарын тынбай алып келип жатышты.

Пейилиңден айланайын кыргыз элим, Манас атабыздын  мурас калтырып кеткен осуятын туу тутуп, бир жакадан баш , бир жеңден кол чыгарып, көп түкүрсө көл болот деп, элибиз ынтымакты, бүтүндүктү, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон бир тууган эл экенин даңазалады!

Мэрия тарабынан уюштурулган бул иш чараны ишке ашырууда билим берүү мекемелеринин жетекчилери, мугалимдер жана ата-энелер абдан чоң активдүүлүгүн көрсөттү.

Баткендик бир туугандарга Каракол шаарынын элинен 3 фура гуманитардык жардам кетти.

 

Маалыматты даярдаган: Каракол шаарпроф комитетинин төрайымы Ж.Касмалиева