Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

«Ысык-Ата районунда жаш өспүрүмдөрдүн татаал кырдаалдардан чыгуу көйгөйлөрү талкууланды»

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Буденовка орто мектебинде социалдык педагогдордун «Учурдун татаал кырдаалында жаш өспүрүмдөргө тарбия берүүдө соцпедагогдун ролу» темасында райондук деңгээлде семинар болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.  Маалым болгондой, семинарга райондогу 40тан ашык мектептин соцпедагогдору, жаш өспүрүмдөр менен иштөө боюнча Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын подполковниги К.Кадыров, милициянын лейтенанты Б.Абдыкеримов, райондук билим берүү башкармалыгынын адиси Б.Таалайбеков, айыл өкмөттүн өкүлдөрү жана ата-энелер катышышты.
Иш-чарада калыптанып келе жаткан жаш өспүрүмдөрдүн учурдагы татаал кырдаалдардан чыгуу көйгөйлөрү каралды. Семинардын дагы бир өзгөчөлүгү, Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракеси эске алынып, залкар жазуучунун чыгармаларындагы социалдык педагогиканын элементтери да кеӊири талкууга алынды. 

 

Даярдаган Тыныбекова Бактыгуль