Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Устат педагогго ардак наам ыйгарылды

     Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Асылбек Токтогулович Токтогулов 40 жылдык бүткүл эмгек жолун билим берүү системасына арнап келе жатат. Айылдык мектепте мугалим, директор, Ысык-Ата райондук жана Бишкек шаардык билим берүү башкармалыктарынын башчысы, республикалык кесиптик билим берүү комитетинин төрагасы, тармактык министрликтин департамент башчысы кызматтарында келечек муундарды окутуу жана тарбиялоо вазийпасын аркалап келди. Акыркы 16 жылдан бери педагогдордун жана илимпоздордун экономикалык, социалдык жана укуктук кызыкчылыктарын коргоонун башкы штабы болгон билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетин жетектеп келүүдө.

Тажрыйбалуу педагог, таасын уюштуруучу жана мугалимдердин укуктарын коргоочу А.Токтогуловго «Мугалим» илимий – педагогикалык журналы 2016-жылдагы «Мугалимдердин коргоочусу» наамын ыйгарды. 2016-жылдын 20-декабрында КРнын балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунда  журнал бул ардак наамды тапшырууга арналган «Устатка таазим» салтанатын өткөрдү жана бул сыймыктуу сыйлыкты Асылбек Токтогуловичке «Мугалим» илимий – педагогикалык журналынын башкы редактору Рахат Сулайманова тапшырды.

         Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиуму, аппараты жана профсоюздук актив Асылбек Токтогуловичти бул ардак наамы менен чын дилден куттукташат, ага узак өмүр, чыӊ ден соолук жана бакты-таалай каалашат.