Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Урматтуу кесиптештер!

    Сиздерди, жогорку, атайын  орто жана жалпы билим берүү системасынын бардык кызматкерлерин, эгемен өлкөбүздө «Тарых жана маданият жылы» катары белгиленген 2016-жыл аяктап, өз сапарын  2017- жылга салтанаттуу өткөрүп берип жаткан Жаӊы жыл майрамыӊыздар  менен Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиумунун, аппаратынын  жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктаймын.

     Биздин тармактык профсоюз социалдык өнөктөштөр  менен натыйжалуу кызматташтыкты орнотуу аркылуу тараптарга пайдалуу кызыкчылыктардын теӊ салмактуулугуна жетишүү менен билим берүүнүн бирдиктүү системасынын кынтыксыз иш алып баруусун камсыз кылуу максатында бул социалдык тармактын бардык кызматкерлеринин эмгектенүү, ага татыктуу эмгек акы төлөө, эс алуу, дарылануу, мыйзамдуу социалдык кепилдиктерге жана жеӊилдиктерге ээ болуу укуктарын коргоо вазийпасын ырааттуу  аткарып келе жатат  жана мындай асыл иштерибиз мындан ары да улантыла бермекчи.

    Жаӊы жыл-биздин  ар бирибиз үчүн сүйкүмдүү майрам. Абдан укмуштуу, абдан жылуу, абдан жагымдуу. Биздин ар бирибиз канча жашка чыкпайлы, ар жыл сайын Жаӊы жыл бул дүйнөдөгү эӊ бир укмуш  нерсени алып келүүчүдөй  сезимде болобуз, андан жүрөгүбүздүн түпкүрүндө жүргөн каалообузду күтөбүз: кимдир бирөөлөр – ден соолук, дагы бирөөбүз –бакты- таалай, үчүнчүлөрүбүз- каалоолордун аткарылышын. Ошентсе да адамдардын  бардыгы бул майрам күнү бир нерсени бирдей ойлошот.  Ал – үмүт, болгондо да келечекке болгон, жакшылыкка карай үмүт. Сиздердин бардыгыӊыздардын ак ниет үмүттөрүӊүздөр аткарылсын!

     Сиздерге бардык  жакшылыктарды, ийгиликтерди жана гүлдөп өсүүлөрдү каалаймын! Ар дайым Сиздерди  кесиптештериӊиздер, досторуӊуздар жана жакындарыӊыздар түшүнүүлөрү жана колдоолору менен  кубанып  турсун! Үй – бүлөӊүздөр кызматка жаркылдап узатып, жумуштан кийин үйдөн жаркылдап тосуп алышсын!

     Сиздерди, Сиздердин  үй – бүлөӊүздөрдү жана кесиптештериӊиздерди Жаӊы жылда жаркын маанай, ийгилик жана ден соолук ар дайым коштоп жүрсүн!

     Бар болуӊуздар, бай болуӊуздар, бир болуӊуздар!

 

 

А. Т. Токтогулов

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим

 кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук

Комитетинин төрагасы