Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

УЛУУ ЖЕҢИШ КҮНҮ КУТ БОЛСУН!

Урматтуу билим жана илим кызматкерлери!

Ардактуу кесиптик бирлик мүчөлөрү!

Сиздерди 9-май Улуу Жеңиш күнү менен куттуктаймын!

9-май - Ата-бабаларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдигин даңазалаган, көп улуттуу элибиздин биримдиги жана ынтымагы менен жаркын жашоону тартуулаган улуу күн!

Көп улуттуу элибиз дайыма тынччылыктын, ынтымактын майрамы катары белгилеп келишет.

Улуу Ата Мекендик согушта эрдик көрсөтүшүп, өз жандарын улуу Жеңиш үчүн курман кылышып, бүгүнкү бейпил жашоону камсыз кылышкан баатыр жоокерлердин эрдиктери эч качан унутулбайт!

Эгемендүү өлкөбүздө тынччылыктын ыры жаңырып, элибизде ынтымак ыроолоп, токчулук, молчулук болушун каалаймын!

Урматтуу билим жана илим кызматкерлери, кесиптик бирлик мүчөлөрү!

Улуу Жеңиш күнү куттуу болсун! Бардыгыңыздарга  чың-ден соолук, узак өмүр жана бакубат турмуш  каалайм! Кыргызстаныбыз тынччылыкта жана биримдикте гүлдөп өнүгө берсин!

 

Урматтоо менен

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин

борбордук комитетинин төрагасы                                  А. Токтогулов