Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Улуттар аралык түрк дүйнөсүнүн III Эл аралык Конгресси

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерелеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов Евразиялык Билим берүү кесиптик бирликтеринин Эл аралык бирикмеси тарабынан уюштурулган Инженердик жана табигый илимдер боюнча III Эл аралык Конгрессине онлайн форматта катышты. Конгресстин күн тартибине түрк тилдүү мамлекеттер үчүн эң маанилүү маселелер: стратегиялык өнөктөштүк, технологиялык лидерлик жана снариптик трансформация коюлган. Конгресс жаңы технологияларды киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет, ал эми анын иштиктүү программасы катышуучуларга инженердик жана табигый илимдерди өнүктүрүүнүн эң актуалдуу маселелерин кеңири талкуулоолорго ыңгайлуу шарт түзөт. Борбордук комитеттин төрагасы өз сөзүндө: "Ушул Эл аралык Конгресс кызматташууну өнүктүрүүнүн максаттарына жетүүнүн, күн тартибине коюлган проблемаларды чечүү жолунда маалымат алмашуунун эң маанилүү куралы болуп калаарына толук ишенемин, ал эми иш-чаранын форматы түрк тилдүү мамлекеттердин мындан ары өнүгүү жолдорун аныктоого жана кесиптик икир алышууну чыңдоого мүмкүнчүлүк берет. Технологиялык жетишкендиктердин эффективдүүлүгү күндөлүк турмушта жаңы алдыңкы жетишкендиктерди колдонууда, адамдын потенциалын өнкүтүрүүгө жана ишмердүүлүгүнүн жаңы чөйрөсүн ачууга багытталганда камсыз болот" деди.

Аталган Конгресске Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогуловдон тышкары, Македония мугалимдер ассоциациясынын төрагасы, Косово-түрк мугалимдер ассоциациясынын төрагасы, Азербайжан Билим берүү кызматкерлеринин альянсынын төрагасынын орун басары, Ирак-Түркмөн педагогдор жана мугалимдер уюмунун төрагасы катышты. 

Конгресстин жүрүшүндө КОВИД-19 пандемиясынын билим берүү системасына тийгизген таасири, жаңы технологиялардын колдонулушу, билим берүүдөгү стандарттуу эмес ыкмаларды колдонуу, мугалимдердин пандемия учурунда иш алып барышы тууралуу кеңири сөз болду. 

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Борбордук комитети