Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

“Улустун улуу күнү” иш-чарасы болуп өттү

2024-жылдын 20-март күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинде КР Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгынын алкагында “Улустун улуу күнү” аталышында маданий-гуманитардык жана спортту өнүктүрүү ишмердигин жайылтууга багытталган иш-чара өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Нооруз майрамынын символу болгон сүмөлөктү даамдап ооз тийүү аземи болду. Андан соң, “Көктөм” аталышында сүрөт көзгөзмөсүнүн ачылышы өтүп, улуттук оюндар боюнча курамдар аралык мелдештер уюштурулду. Анда аркан тартыш, ордо, кол күрөш жана башка кызыктуу оюндар ойнолду.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө университеттин кесиптик бирлик комитети тарабынан акчалай сыйлыктар берилди.

 

Маалыматты даярдаган: И.Арабаев атындагы КМУнун кесиптик бирлик комитети