Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ТӨРАГА А.ТОКТОГУЛОВ “МУЗ БУЛАК” КОРУГУНДА

     Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы  А. Токтогулов  Баткен облусунда болгон иш сапарында Баткен районунун Кара-Булак капчыгайындагы “Муз булак” коругунда болуп, көп жыл билим берүү тарамгында иштеп, ардактуу эс алууга чыккан эмгек ардагери, жазуучу жана драматург, көп кырдуу талант ээси Мурзапар Үсөндүн чыгармачылык иштери менен таанышты.

      Көп жыл мугалим, мектеп жетекчиси болуп иштеп, көркөм чыгармачылык менен да алектенип, элдин жана жердин тарыхын изилдеп, ошону менен бирге райондук жетекчилик белек катары тартуулаган капчыгай койнунудагы жерди кооз аймакка, бак-даракка жана ажайып гүлзарга, бак-дарактарды жана жаныбарларды коргоочу корукка  айландырып, ошону менен бирге келген-кеткендердин маданий эс алуусуна шарт түзүп эмгектенип жаткан Мурзапар Үсөндүн талантына тан берди.  Алыстан болсо да анын чыгармачылыгы менен таанышып жүргөндүгүн билдирди.

     Тармактык кесиптик бирликтин облустук комитетинин төрагасы З.Бөтөковго, райондук комитетттин төргасы Т.Жумаевге педагогикалык майдандын ардагери, көп кырдуу талант ээси Мурзапар Үсөндүн өмүр жолу, чыгармачылык ишмердүүлүгү менен педагогикалык жамааттарды тааныштыра жүрүүнү, ага материалдык жана руханий колдоо көрсөтүп турууну тапшырды. “Буюрса, Сиздин,  Мурзапар агай, 70 жылдыгыңызга уюштурулуучу аземиңизге  өзүм  келип катышуу ниетим бар,” – деп билдирди төрага.  

 

 

Баткен райондук тармактык кесиптик

бирлик уюмунун төрагасы,

КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү                        Т.Жумаев