Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Тазалыкты сактоо бардыгыбыздын милдетибиз

  19-май күнү Бишкек гуманитардык университетинин студенттери жана кызматкерлери профсоюздук комитети менен биргеликте, борбор шаарыбыздын жогору жагында жайгашкан  Кыргыз Республикасынын туусунун тегерегин тазалоо иштери жүргүзүлдү. Ишембиликке окуу жайдан жалпы 150дөн ашуун студент жана кызматкер катышты. Тазалык бар жерде тартип бар дегендей, айлана чөйрөбүз таза болсо кылган ишибиз да ак болоорунда шек жок. Бул иш чара токтоп калбастан мындан ары да уланат.