Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Талас областынын Манас райондук комитетинин төргасы шайланды

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Талас областындагы Манас райондук комитетинин уюштуруу пленуму болуп өттү. Райондук комитеттин төрагасы Т.Медеталиев ден соолугуна байланыштуу ээлеп турган кызматынан өз каалоосу менен бошотуу жөнүндө арыз жазган.

Пленум мүчөлөрү узак жылдар райондук профсоюз комитетин жетектеп келген Медеталиев Талантбек Жамеловичке зор ыраазычылык билдиришти жана ага бекем ден соолук каалашты.

Райондук комитеттин мүчөлөрү тарабынан төрагалык орунга Ш.Кочкорбаев атындагы орто мектептин директору Н.Дүйшөнбиев, ал эми профсоюздун райондук комитетинин мүчөсү, Жийде орто мектебинин баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы төрайымы А.Тургуналиева өзүнүн талапкерлигин сунуш кылышты.

Пленумдун  мүчөлөрү тарабынан добуш берүү жолу менен шайлоого эки талапкердин талапкерлиги киргизилди. Пленум мүчөлөрү ачык добуш берүү менен шайлоо өткөрүүнү тандап алышып, талапкерлер добушка коюлуп, натыйжада көпчүлүк добуш менен профсоюздун Манас райондук комитетинин төрагалыгына Н.Дүйшөнбиев шайланды.

Дүйшенбиев Нурбек Сагынбекович 1972-жылы  20-февралда Талас облусунун Манас районундагы  Көк-Дөбө айылында туулган, кыргыз, билими жогорку, 1995-жылы Бишкек  гуманитардык университетин орус тили жана адабияты сабагынын мугалими адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1989-жылы Манас районунун жаш өспүрүмдөр мектебинде адис болуп иштөө менен баштаган. Ал 1996-1998-ж.ж. өрт өчүрүү башкармалыгында инспектор, 1998-2001-ж.ж. Манас райондук ички иштер бөлүмүндө участкалык инспектор, 2001-2003-ж.ж. №51 кесиптик-техникалык лицейде директордун орун басары, 2003-жылдан 2021-жылдын февраль айына чейин Сагынбек Дүйшенбиев  атындагы орто мектебинде директор болуп иштеп келген. Ал эми 2021-жылдын 18-февралынан баштап 2021-жылдын 24-июнуна чейин    Шабданбек Кочкорбаев атындагы орто мектебинин   директору кызматын аткарган.

Н.Дүйшөмбиев 2004-2012-жылдары “Кыргызстан” айылдык кеңешине эки жолку чакырылышта депутат болуп шайланган. Бир нече райондук, облустук жана республикалык деңгээлдеги ардак грамоталар менен сыйланган. “Билим жана илим кызматкерлер профсоюз кыймылынын мыктысы” төш белгисинин ээси. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогулов, Борбордук Комитеттин президиумунун мүчөлөрү: А.Жайнаков, А.Сарыбаев, Ө.Молдокматов, С.Тойгонбаев, А.Исмаилов, И.Афанасьева, Г.Султанбаева, М.Курманкожоев, Э.Бектуров, Б.Тыныбекова, З.Бөтөков, Ф.Батырбаева, “Позиция профсоюза” газетасынын башкы редактору А.Адамалиев, Борбордук Комитеттин аппараты, облрайшаар, ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттери, Талас облусунун профсоюздук активи ак ниеттен Дүйшенбиев Нурбек Сагынбековичти бул ардактуу жана жооптуу кызматка шайланышы менен куттукташат жана ага узун өмүр, чың ден соолук, иштеги ийгиликтерди каалашат.

 

Маалыматты даярдаган: "Позиция профсоюза" газетасынын редактору А.Адамалиев