Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Сыйлыктарыңыз кут болсун!

Аяктаган 2021-жыл билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Бишкек шаардык комитети үчүн жакшы жылдардан болду. Ордо калаанын мектептеринин жана балдар бакчаларынын кызматкерлери болушкан каттоодогу профсоюз мүчөлөрүнүн татыктуу эмгек менен камсыз болууларына, кылган кызматтарына жараша мезгил талабынан калышпаган эмгек акыларды алууларына жетишүү үчүн күрөшүүнү, мугалимдердин жана тарбиячылардын эмгек жана тиричилик шарттарын жакшыртууга, шаардык комитет менен баштапкы профсоюз уюмдарынын өз ара маалыматтык камсыздалышын өркүндөтүүгө, жаштар саясатын кеңири жайылтууга, мүчөлүк уюмдардын уюштуруу-финансылык биримдигин бекемдөөгө багытталган иштери менен шаарком айтаарлык ийгиликтерге жетише алды.

Мындай алгылыктуу ийгиликтердин жаралышында профсоюздун шаардык комитетинин төрайымы Гүлша Улукмановна Султанбаеванын эмгеги өтө зор. Ушундан улам аяктаган жылдын акыркы күндөрүндө тажрыйбалуу төрайым абройлуу 2 сыйлыктын ээси болду. Республикалык көп тармактуу “Жетиген” журналы Бишкек шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигин “Жылдын мыкты профсоюз уюму” деп атап, анын төрайымы Г.У.Султанбаеваны жеңүүчү атады, Гүлша Улукмановнага “Жетиген” журналынын атайын диплому жана статуэткасы тапшырылды.

Экинчи сыйлык да айтаарлык жогорку баага ээ. Аны “Насаатчы” эл аралык фонду жана Демократиялык Кыргызстан аялдар комитети ыйгарды. Кыргыз Республикасынын саясий, социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Гүлша Улукмановна бул маанилүү уюмдардын атайын сыйлыгы – “Жылдын мыкты жетекчиси” ардактуу наамына арзыды жана диплому менен сыйланды.

Урматтуу Гүлша Улукмановна!

Сизди ак ниет жана көп жылдык үзүрлүү эмгегиңиз үчүн татыган кош сыйлыгыңыз менен КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогулов, Борбордук Комитеттин президиумунун мүчөлөрү: А.Жайнаков, А.Сарыбаев, Ө.Молдокматов, С.Тойгонбаев, И.Афанасьева, М.Курманкожоев, Э.Бектуров, Б.Тыныбекова, А.Исмаилов, З.Бөтөков, Ф.Батырбаева, К.Алымбаев, “Позиция профсоюза” газетасынын башкы редактору А.Адамалиев, Борбордук Комитеттин жана Бишкек шааркомунун аппараттарынын кызматкерлери, облрайшаар, ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттериндеги кызматташтарыңыз, Бишкек шаарынын профсоюздук активи кызуу куттуктайбыз. Сизге адам баласынын жашоосунда учурай турган бардык жакшылыктарды, эң мыкты каалоолорду, узун өмүрдү, иштеген жооптуу жана түйшүктүү ишиңизге ийгиликтерди, үй-бүлөңүзгө бакты-таалайды жана ырыскы-кутту каалайбыз.