Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Сыйлыгыңыз кут болсун!

2022-жылдын 6-декабрында Жалал-Абад шаардык кеңеши тарабынан Жалал-Абад шаарынын социалдык-экономикалык өсүп-өнүгүүсүнө көп жылдар бою салым кошуп, эл үчүн кызмат кылган, ардактуу 9 адамга “Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу” деген ардак наам тапшырылды.

Бул наам Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, биздин урматтуу устатыбыз Бегматов Анарбай Турдубаевичке да тапшырылды.

Анарбай Турдубаевич 1975-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институнун филология факультетин ийгиликтүү аяктап, кыргыз тили мугалими адистигине ээ болгон.

1975-1979-жылдары Ош облусунун Араван районундагы Ленин атындагы орто мектебинин класстан тышкаркы иштерди уюштуруучу, директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары, мектептин директору болуп иштеп, кийинки жылдары Сузак районунун Комсомол орто мектебинде директордун окуу-тарбия боюнча орун басары, райондук билим берүү бөлүмүндө методист, кадрлар бөлүмүнүн башчысы, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Жалал-Абад облустук билим берүү башкармалыгында кадрлар бөлүмүнүн башчысы, илимий-методикалык борбордун директору, 2002-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келүүдө.

Анарбай Турдубаевичтин жетишкен ийгиликтери, эмгектери өз убагында бааланып, билим берүү жана профсоюз тармагындагы жогорку сыйлыктар менен сыйланган. Ошондой эле Барпы айыл өкмөтүнүн жана Сузак районунун “Ардактуу атуулу”, Кыргыз Республикасынын “Ардактуу Ардагери”, Кыргыз Республикасынын “Ардактуу Аксакалы” наамдарынын ээси.

Бегматов Анарбай Турдубаевичти “Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу”  ардактуу наамы менен сыйланышы менен кызуу куттуктайбыз.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБнын инспектору Т.Бакиров