Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Сыйлыгыңыз кут болсун кесиптеш!

Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн кадрлар бөлүмүнүн башчысы, баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Саадат Турганбаева Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасы менен сыйланды.

Саадат Турганбаева билим берүү тармагында көп жылдан бери үзүрлүү иштеп келе жатат жана кесиптик бирлик уюмунун талаптагыдай иштөөсүн камсыз кыла алган. Анын эмгеги татыктуу бааланышы менен кесиптештери кызуу куттукташты.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад шаардык кесиптик бирлик комитети