Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү менен!

Урматтуу профсоюз кызматкерлери!

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктаймын.

Бүгүнкү күндө эгемен өлкөбүздө кесиптик бирликтер эмгек адамдарынын укуктарын жана  кызыкчылыктарын  коргоо, аларга ыңгайлуу эмгек шарттарын түзүү, аткарган иштерине жараша татыктуу эмгек акы менен камсыз кылуу, коомдо социалдык туруктуулукту сактоо  боюнча мыйзамдуу иштерди аткарып келаткан коомдук көп сандуу жана  маанилүү уюм катары саналат.

Биздин мамлекетибиздин билим берүү уюмдарынын кызматкерлери тармактык профсоюздун катарын татыктуу толуктап турушат, биздин Борбордук Комитет жана анын жер-жерлердеги органдары өз  мүчөлөрүбүздүн мыйзамдуу укуктарын жана турмуштук кызыкчылыктарын коргоону татыктуу жүзөгө ашыруу менен социалдык-эмгектик мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын коомдук көзөмөлдөөгө, бул жагдайдагы иштерди андан ары  өркүндөтүүгө, социалдык өнөктөштүктүн механизмдерин чыңдоого эң активдүү катышып, эмгек адамдарынын жашоо-тиричилигинин деңгээлин реалдуу жакшыртууга, жумушчу орундарында коопсуздук эрежелерин сактоо маселелерин чечүүгө алгылыктуу аракеттерди көрүп келе жатабыз.

Мына ушундай алгылыктуу эмгек ыргагында, урматтуу профсоюз кызматкерлери, Сиздер,  өз эмгегиңиздерди эң баалуу ишке - билим берүү жана илим кызматкерлерин социалдык-экономикалык, эмгектик жана укуктук жактан коргоо жана  колдоо иштерине арнап келесиздер.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети,  Сиздерди – бардык профсоюз кызматкерлерин,  эмгекчилдигиңиздер, чыдамкайлыгыңыздар жана жалпы ишибизге берилгендик менен кызмат кылгандыгыңыздар үчүн терең баалайбыз!

Баарыбыздын жалпы максатыбызды – тармактык кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн социалдык-эмгектик укуктарын жана кызыкчылыктарын колдоонун жана коргоонун бийик салттарын уланткандыгы үчүн кесиптик бирликтин ар бир баскычындагы кызматкерлерине жана активисттерине терең ыраазычылыгымды билдиремин. Биргелешкен күч-аракеттердин натыйжасында биздин аткарып жаткан иштерибиз, багытыбыз өз максатына жетээрине терең ишенем!

Урматтуу профсоюз кызматкерлери!

Сиздерге жаңы чыгармачылык ийгиликтерди жана алдыга койгон максаттарыбызга жетүү үчүн үзүрлүү иштерди каалаймын. Баарыңыздарга жана жакындарыңыздарга бакыт-таалай, бакубат жашоо жана бекем ден соолук тилейм!

Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган ынтымагыбыз менен Кыргызстаныбыздын гүлдөп-өнүгөөрүнө жана дүйнөлүк социалдык баалуулуктардын системасында анын татыктуу орунга жетээрине терең ишенем!

 

Урматтоо менен,

Борбордук комитеттин төрагасы                                                                    А.Токтогулов