Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Салтанаттуу кече өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 8-март - Айымдардын эл аралык майрамына карата салтанаттуу иш-чара өткөрдү.

Майрамдык иш-чара Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү. И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева 8-март айымдардын Эл аралык күнү менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө, тарыхына, маданиятына, илимий жетишкендиктерине, билим берүүсүнө зор салымдарын кошуп, ийгиликтерди жараткан айымдарыбызга сыйлыктар тапшырылды.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика кафедрасынын профессору Миргуль Эсенгуловага, И.Арабаев атындагы КМУнун Бириккен профсоюз уюмунун төрагасынын орун басары, Фундаменталдык жана прикладдык лингвистика кафедрасынын доценти Динара Дайырбековага, И.Арабаев атындагы КМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызына КР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасын КР ЖКнын депутаты Камила Талиева тапшырды.

Окуу жайдын бириккен профсоюздук уюмунун төрагасы Назар Догдурбек  И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кесиптик бирлигинин ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө кошкон жигердүү салымы жана талыкпаган көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Ардак грамоталарды тапшырды.

 

Маалыматты даярдаган: И.Арабаев атындагы КМУнун кесиптик бирлик комитети