Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Сабыр Абдувапович Тойгонбаев 60 жашта

Биздин тармактык профсоюзда көп жылдардан бери иштеп келаткандардын баш сабында тургандардын бири-профсоюздун Ош обкомунун төрагасы Сабыр Абдувапович ТОЙГОНБАЕВ ардактуу 60 жашка чыгып олтурат.

Ал 1960-жылы 29-сентябрда Ош областынын Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылында жарык дүйнөгө келген. 1967-жылы ошол эле айылдагы Карл Маркс атындагы мектепке кирип, 10-классты 1978-жылы аяктаган. Комсомолдук дем менен туулуп-өскөн чарбасында калып, бир жыл колхоздун сүт-товар фермасында жумушчу болуп иштеген. 1979-1983-ж.ж. Фрунзе педагогикалык орус тили жана адабияты институтунда окуп, жогорку билимдүү мугалим деген дипломго ээ болгон. Эмгек жолун райондун Жаңы-Базар айылында жайгашкан №54 айылдык кесипчилик-техникалык окуу жайынын комсомол  комитетинин секретары болуп баштаган. Ал кезде партиянын резерви деп койгон комсомолдор менен иш алып баруунун абдан көп тармактары боло турган. Окуудан тышкары айыл чарба жумуштарына баруу, коомдук иштерди аткаруу, өздүк-көркөм чыгармачылык ийримине катышуу сыяктуу пайдалуу жумуштарга комсомол жаштарды тартууну колго алат. Бир жылдан кийин райондук жетекчилик өз ишинен таанылган жаш уланды Кыргызстан ЛКЖС Ноокат райкомуна инструкторлук кызматка көтөрүшөт. Сабыр Абдувапович бул кызматта 5 жыл иштеп, райондогу жаштарды коммунисттик эмгекке катыштыруунун алдыңкы сабында болгон.

 1990-жылы ал билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитетине жооптуу катчылык кызматка которулат. Райондогу мектеп жамааттарындагы окуу-тарбиялоо, эс алдыруу, коомдук иштер, кызматкерлерди социалдык жана укуктук коргоо жумуштары менен жакындан таанышат. Анан 3 жыл өткөндө ал райкомдун төрагасы болуп шайланат. Сабыр Абдувапович бул кызматта 13 жыл иштептир. Жетекчи катары каныгат. Ишти жолго коет. Мугалимдин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча зор тажрыйба топтойт. Сырттан окуп экинчи жогорку билимге КМУдан ээ болот юрист деген, бул да ишине көп көмөк берет. Укук адиси катары мыйзамдардын жана укуктук-ченемдик актылардын аткарылышына жакындан баа бере баштайт. 2006-жылы билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитетинин төрагасы кызматына атаандаштык негизде шайланат. Мурда бир райондун жоопкерчилиги моюнда болсо, эми бүтүндөй ак пахталуу Ош областынын билим берүү тармагынын профсоюздарынын зор жоопкерчилиги артылат. 

Ал бул кызматта баарыдан мурда областтык жетекчи катары райшаар, ЖОЖ профсоюз комитеттеринин төрагаларынын ынтымагын бекемдеди. “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыккан” жерде иш илгери кеткени да ошондон деп айтсак болот. Жер-жерлерде көчмө пленумдарды, президиумдун жыйындарын, семинарларды өткөрүүнү колго алды. Баштапкы профсоюз уюмдары менен байланышты чыңдоого көңүл бурду. Профсоюз бөлмөлөрү менен бурчтарын уюштуруу аркылуу ал уюмдардын иштиктүү аракеттерге барышына шарт түзүүнү колго алды. Жардамга муктаж кесиптештерге кол сунду, мүмкүнчүлүккө жараша берген жардамдарга ыраазы болгондор арбыганы да бекеринен эмес. Азыр ал - областтагы такшалган жетекчи. БКнын төрагасынын түштүк аймагы боюнча орун басары болуп катары менен шайланып келатат.

Кыргызда “Аккан арыктан суу агат” деген накыл кеп бар. Сабыр Абдуваповичтин атасы кыргыз эли түгүл, тээ союздун учурунда Москвага чейин таанылган улуу адам болгон. Атасы Абдувап Тойгонбаев   1931-жылы ошол эле Кыргыз-Ата кыштагында төрөлгөн. Ал райондо түгүл, областтагы атактуу тамеки өстүрүүчү болуп саналат. Ага СССР Жогорку Советинин  Президиумунун 1973-жылдын 15-декабрдагы Жарлыгы менен Социалисттик Эмгектин Баатыры деген ардактуу наам ыйгарылып, Ленин ордени жана Алтын Жылдыз медалы тапшырылган.  1972-жылдан КПСС мүчөсү болгон. Эмгек жолун Ноокат районундагы Э. Тельман атындагы колхоздо иштөөдөн баштаган, 1962-жылдан эсепчи, 1967-жылдан тамеки өстүрүүчү бригаданын бригадири. Анын бригадасы тамеки өстүрүүдө жыл сайын жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен.

Ош обкомунун кызматкерлери быйылкы түзүлгөн оор эпидемиологиялык кырдаалда аралыктан иштөөдө бир катар кыйынчылыктарга дуушар болушса да, кабак-кашым дешпей позитивдүү маанайда мугалимдерге моралдык жана материалдык жардамдарды көрсөтүүнү колго алышты. Каражаттан кыйналып турган аз камсыз болгон кызматкерлерге 753050 сомдук азык-түлүк баштыкчаларын даярдашып, обкомдун тейлөөсүндөгү райшаар, окуу жайлардын каттоолорундагы профсоюз мүчөлөрүнө даректери боюнча жеткиришип, таратьшып беришти. Коронавирус илдетине чалдыгып,  каза болуп калышкан 16, бул илдеттен айыгып чыккан 114 мугалимге 425000 сомдук материалдык жардамдар көрсөтүлдү.

Обком уюштуруу иштерин да унутта калтырган жок. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук Комитетинин сунушу боюнча областтагы  билим берүү уюмдарынын материалдык- техникалык базасьш чыңдоо, аларды  санариптештирүүнү колдоого алуу  максатында Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райОНОлорунун борбордоштурулган эсепканаларына 2 даанадан, Алай, Араван, Кара-Кулжа, Чоң-Алай райондоруна жана Өзгөн шаарына 1 даанадан жалпысынан 347555 сомдук компьютерлерди принтерлери менен сатылып берилди. Оор шартка карабастан кызматкерлердин ден-соолуктарын чыңдоодо 50% өлчөмүндө профбюджеттин эсебинен каржылоо аркылуу  Жалал-Абад санаториясына 70 даана 381 миң, Мамакеев атындагы профилакторияга 50 даана 300 миң сомдук жолдомолорду камсыздап беришти. Пандемия шартында областтагы «Жылдын мыкты мугалими-2020», «Жылдын мыкты мектеби-2020», «Жылдын мыкты балдар бакчасы-2020», «Мыкты санарип мугалими», «Мыкты санарип жетекчиси» сынактарынын өткөрүлүшүнө жана жеңүүчүлөрдүн сыйланышына обком салтка айланган активдүү  катышуусун жүргүздү, аларга 428 миң сомдук колдоо көрсөтүлдү. Обком 2019-2020-окуу жылындагы бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы менен «Алтын сертификат» жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасына татыктуу болгон окуучулардын мектептеринин педагогикалык жамаатынын иштерин баалоо жана кызыктыруу максатында 4 мугалимдер жамаатына  40  миң сом акчалай сыйлык катары тапшырды. Мына ушул саналып өткөн иштердин башында обкомдун жетекчиси катары Сабыр Абдувапович өзү турду.

Ал дайыма коомдук иштерге активдүү катышып келүүдө. Ноокат  райондук  Кеңешинин депутаты болгон. Ноокат  райондук  волейбол федерациясын жетектеп, спорттун бул түрүнүн өнүгүшүнө өз салымын кошкон.  Райондун   Афганчылар коомунун   мүчөсү. Сабыр Абдувапович ак эмгеги үчүн көп сыйлыктарга арзыган. Алардын арасында Кыргызстан ЛКЖС БКнын,  анын областтык жана  райондук комитеттеринин,  Эл аралык  профсоюз бирикмесинин (Москва шаары), Кыргызстан профсоюздар федерациясынын,  билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун БК, КР билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Өкмөтүнүн, Ош областтык  мамлекеттик  администрациясынын  Ардак грамоталары, ”Билим жана илим  кызматкерлеринин  профсоюз кыймылынын отличниги”,  Кыргызстан профсоюздар федерациясынын “Профсоюздарга сиңирген эмгеги үчүн”,  «Билим берүүнүн  мыктысы» төш белгилери менен сыйланган. “Ош жаңырыгы”  гезити ага  «Жылдын мыкты  жетекчиси» номинациясын ыйгарган. 3 уул, 2 кыздын атасы, 7 неберенин чоң атасы.

 

            Бул күндөрү Сиз, Сабыр Авдувапович, өмүрүңүздүн 60 ашуусун ашып олтурган учуруңуз. Сизге ушул жаркын маараке тоюңузга байланыштуу   КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогулов, Борбордук Комитеттин президиумунун мүчөлөрү: Ж.Ташиев, А.Жайнаков, А.Сарыбаев, Ө.Молдокматов, И.Афанасьева, Г.Султанбаева, М.Курманкожоев, Э.Бектуров, Б.Тыныбекова, А.Исмаилов, З.Бөтөков, Ф.Батырбаева, “Позиция профсоюза” газетасынын башкы редактору А.Адамалиев, Борбордук Комитеттин аппараты, облрайшаар, ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттериндеги кызматташтарыңыз, Ош областынын жалпы профсоюздук активи чын дилибизден куттук айтабыз, бул жашоодогу болгон эң жакшы каалоо-тилектерди арнайбыз. Сизге Алла таала көп жашоону берүүсүн,   иштеген иште ийгиликтер болуусун,  үй-бүлөңүздө ырыскы-кут орношун суранабыз.