Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Өрнөктүү өмүрлүү устат-80 жашта!

       Эшиева  Өмунса  эже 1936-жылы октярь  айында  колхозчунун  үй-бүлөсүндө туулган.  Эженин  13 бир  тууганы  болгон.  Эже  1951-54 –жылдары Жалал-Абад  шаарындагы жатак  мектебинде окуп,  1956-жылы  мугалимдерди   даярдоо  окуу  жайын  аяктаган. Эмгек  жолун  №7 Ленин-Жол(азыркы  №1 Ж.Бөкөнбаев  атындагы)  орто  мектебинде  кыргыз  тили жана адабияты  мугалими  катарында  баштаган. 1965-68-жылдарда  Ош  мамлекетик  педагогикалык  интитутун  сырттан  бүтүргөн.1965-жылы  КПССтин  мүчөлүгүнө кабыл алынып,  бир  топ  жылы  баштапкы  партиялык  уюмду  башкарган.

       1972-1974-жылдары  Ленин (азыркы Ноокен)  районунун  борборундагы  “Ладушка” балдар  бакчасынын  башчысы  болуп иштеген.

       1975-1977-жылдары  Масы  айылдык  Кенешинин  аткаруу  комитетинин  төрайымы  кызматында  иштеп,  Масы  айылы  үчүн  ак  эмгек   кылган.

       1977-жылдан  №1Ж.Бөкөнбаев  атындагы  орто  мектебине  кыргыз   тили  жана  адабияты   мугалими  болуп  келип,  42  жыл  жаш  мүүндарга  таалим  тарбия  берди. Узурлуу  эмгектери  үчүн 1966-жыл  “Эл  Агартуунун  отличниги”  төш  белгиси  менен  сыйлаган. 1987-жылдан  ардактуу эс   алууга  чыккан.

       Эженин  өмүрлүк  жолдошу  Сүйөркулов  Шамшидин Социалистик  Эмгектин  Баатыры  42  жыл райондук  ооруканада  башкы  хирург  болуп  эмгектенген.  Алар  8  баланы  тарбиялап,  жогорку  билим  берди.

       Эшиева  Өмүнса  эже  бүгүн  80  жашта. 25 небере,  17  чеберенин  ардактуу чоң  энеси  жана  тайэнеси,  бактылуу  эне.

      Эжеке!  80  жаш юбилейлык  майрамыңыз менен  Ноокен  райондук  билим  берүү  бөлүмү  жана билим, илим  кызматкерлеринин кесип  бирлигинин  Ноокен   райондук   комитети  куттуктайбыз!  Сизге   узак  өмүр, бекем  ден-соолук  каалайбыз!

  Материалды  даярдаган, Ноокен  райКБКнын  тескөөчүсү-А.Айдаров.