Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Республиканын билим берүү уюмдарынын профсоюздук комитеттеринин жетекчилери Манас ордодо зиярат кылышты

     2016 – жылдын 18-20 август күндөрү Талас областынын Талас шаарында Профсоюздун Борбордук комитетинин көчмө Пленумуна болуп өттү.

     18-август күнү Профсоюздун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогулов жана республиканын баардык райондук, шаардык профсоюздук комитеттеринин төрагалары  Таластагы «Манас Ордо» тарыхый этнографиялык комплексине барып, зиярат кылышты. Ал жерде  «Манас» бабабызга багышталып куран окулуп жана «Манас эпосу» музейиндеги Манас айтуучулар, Манас изилдөөчүлөр, Манастын күмбөзүнүн тарыхы менен илимий материалдарын, Манас эпосу тууралуу, ага арналган экспозициялардан кыргыз элинин тарыхын чагылдырылган этнографиялык буюмдар, диограммалар, археологиялык табылгалар менен таанышуу болду.

      Өзгөчө «Манастын кырк чоросу», «Көкөтөйдүн ашы» тууралуу маалымат кызуу талкуу жаратты жана  көптөгөн суроолор берилди.

     Бул «Манас ордодогу» жолугушууларды Профсоюздун Талас шаардык комитетинин төрайымы Ф.Батырбаева жетектеп жүрдү.