Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Cоциалдык коргоо жана кесиптик бирлик кызматкерлеринин күнү белгиленди

19-октябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында социалдык коргоо жана кесиптик бирлик кызматкерлеринин күнү белгиленди.

Кыргызстан кесиптик бирлик федерациясы, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана КР Социалдык фонду тарабынан уюштурулган салтанаттуу жыйын жогорку деңгээлде болуп өттү.

Салтанаттуу жыйында КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Э.Байсалов кесиптик бирлик, социалдык тармактын кызматкерлерин жана ардагерлерди Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун атынан куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалап, социалдык коргоо, эмгекчилердин укугун сактоо боюнча иш-аракеттер талаптагыдай уюштурулушу керек экендигин баса белгиледи.

Салтанаттуу жыйында Кыргызстан кесиптик бирлик федерациясынын  төрагасы Э.Ш.Кызаев өз сөзүндө кесиптик бирлик  өзүнүн социалдык  өнөктөштөрү менен биргеликте иш жүргүзүп жаткандыгын  мындан ары да өз ара кызматташтыкты активдештирүү зарылдыгын айтты.

Жыйында көп жылдык үзүрлүү иштери  үчүн социалдык жана кесиптик бирликтин кызматкерлерине КР Министирлер кабинетинин жана кесиптик бирлик федерациясынын  сыйлыктары тапшырылды.

Сүрөттөр КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин сайтынан алдынды

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети